Акыркы макалалар

Нарында мал менен кошо ылаңы да көбөйдү

Нарында мал менен кошо ылаңы да көбөйдү

Мүлдө Ала Тоо аймагында мал чарбасы негизги орунду ээлеп келгендиги айныгыс чындык. Маселен, кечээки «Кеңеш» өкмөт заманында уяң жана жарым уяң жүндүү породадагы эле койлор 99,1 пайызга чейин жеткирилип, саны 10 миллионго жакындаган. (КСЭ: Кыргыз ССРи, 1983-жыл). Натыйжада койдун жыштыгы боюнча КССР дүйнөдө биринчи орунду ээлеп, 1гектар аянтка 83 кой туура келген. Койдон сырткары 1980-жылдын башына карата республикада 221 миң эчки, 982 миң уй, 66 миңден ашык топоз, 204,5 миң жылкы асыралган. Албетте ал доордо мал саны кандайдыр бир абалда так жана ден соолуктары таза болгондугу белгилүү. Азыркы учурда болсо абал кандай?

Саны белгисиз төрт түлүк

Союз заманында төрт түлүктүн ичинен мал киндиктүү Нарын облусунда кой-эчкинин саны ошол 80-жылдарда 2,5 миллионго жакындап, республикадагы майда жандыктардын төрттөн бирин түзгөндүгүн эске алсак, кандай мезгил, кандай доор болсо дагы Теңир Тоо аймагынын эли мал менен тиричилик кылып келгендиги шаңкайып ачыкка чыгып келет. Ал эми ата-бабаларыбыз байыртадан эле малды камкордукта багып, карап, асырап келгендиги да белгилүү. Ушундан улам азыркы – эгемен Кыргызстанда төрт-түлүк малга мамиле кандай деген собол калкып чыгып турган мезгили.

Нарын облустук өкүлчүлүгү 2015-жылдын 1-январына карата дубанда 990 650 кой-эчки, 141 950 уй, 100 883 жылкы катталгандыгын (төрт түлүктүн төрөсү Ойсул-Ата боюнча айтылбайт), мурунку жылга салыштырганда бир жылда мал саны Чолпон-Ата менен Чычаң-Атаныкы 16 321, Зеңги-Бабаныкы 3327 жана Камбар-Ата тукуму 5 073 башка көбөйгөндүгүн маалымдайт. Бирок, айрым тармактык адистер облуста мал саны так эместигин бир нече жылдардан бери эле канкакшап айтып келишүүдө.

Алсак мындан дээрлик 15 жылдай илгери Ат-Башы районунун аймагынан уйдун шарп оорусу чыкканда ылаң катталган Казыбек, Кызыл-Туу айыл аймактарындагы бардык бодо мал толугу менен шарпка каршы эмделбей калган. Себеби, бул аймактагы айылдарда катталган уйдун саны аныгында алда канча көп санда экендиги ачыкталган.

- Биз малга тиешелүү дары-дармектерди, вакциндерди өз учурунда жана толук алалбай жатабыз. Бул эми стат берген маалыматтагы малдарга карата алганда эле. Бирок, статтан да тышкары мал бар. Азыркы учурда койдун саны эле облуста 1,5 миллиондой болуп калды десек болот,- дейт облустук мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын (ВФКИ) жетекчиси Жалил Алымкулов. Демек, облустун башкы мал доктурунун маалыматына таянсак, анда облуста уйдун саны 200 миңден ашып, жылкылар 150 миңдей бар десек болот. Андай болгондо дубандагы азыркы жылкынын саны союз убагындагы Кыргыз ССРиндеги бардык жылкы башына жакындап калды дегендикти билдирет.

Жаңырган дарттардын убайымы

Нарын облустук ВФКИ тарабынан өткөн жылда эпизоотияга каршы 62 позициядагы иш пландар бекитилген. Ал иш пландардын облус боюнча 49 позициясы 100 пайыздан ашык, 2 позициясы 90-96 пайызга жана 11 позициясы 85 пайыздан төмөн аткарылган. Жагдайды ветеринарлар бир катар себептерге байланыштырышат. Эң башкысы мамлекет тарабынан берилүүчү вакциндердин толук өлчөмдө камсыздалбашы.

- Мамлекет тарабынан каржылануучу 5 (кутурма, сибирь жарасы, койдун күл ыланы, шарп, бруцеллез) ылаңдарга каршы вакциналар ж.б. айрым вакциналар малдын санына карата толук камсыздалган эмес. Алсак облус боюнча күл ылаңына каршы 590,0 доза вакцина жетишсиз болуп 29% ке, сибирь жарасынын вакцинасынан 1,5 доза жетишсиз болуп 71% ке камсыз болгон. Ал эми шарп ылаңына каршы вакцина 6 айда бир жолудан эмделиш керек болсо, 2014-жыл ичинде облуска 206 миң доза вакцина келип, камсыз болуу дээрлик 50 % ти түзгөн. Мындан сырткары 2014-жылга 20,0 доза ИММ туберкулини талап кылынса,13,0 доза сарпталып,керектөө 65 % ке,10,0 доза маллеин керек болсо, 3,2 доза сарпталып, 32 % ке гана камсыз болгон,-дейт Ж.Алымкулов.

Экинчи себеп, кадрлардын өксүктүгү жана улгайгандыктары. Облустук ВФКИден алынган маалыматтарга үңүлсөк, бүгүнкү күндө ветеринардык кызматтын Нарын облустук инспекциясынын 4 адиси менен райондордогу башкармалыктардын 42 адиси, 129 менчик ветеринардык сервистер менен бирдикте мал чарбасын тейлейт. Бул көрсөткүч облустагы малдын шарттуу санына алганда ветеринардык адистер менен камсыз болуусу 47 пайызды түзөт дегендик. Ал эми жалпы ветеринар адистердин 53 пайызы пенсия курагындагылар болсо, 29 пайызга жакыны гана жогорку билимдүүлөр.

Үчүнчү көйгөй малга сайылуучу вакциндердин сапатсыздыгы.

- Мындан эл эле алданып жатат. Себеби, кээ бир вакциндер жараксыз болууда. Байкуш мал ээлери аргасыздан ушундай вакциндерди колдонууга мажбур. Аларды да жогорку баада коммерциялык наркта алышат,- деген кейиштүү кебин айтат Ат-Башы райондук ветеринарлар бирикмесинин лидери Үмөтакун Саалаев.

Натыйжада соңку жылдарда мал ылаңдары кескин көбөйө баштаган. Эң өкүнүчтүүсү союз маалында тумтак жоголгон мал ылаңдары, маселен, шарп, күл, пастереллёз, кутурма сыяктуу мал оорулары баш көтөрүп, жайыла баштоодо. Же болбосо өткөн жылда Ат-Башы районунан кутурма оорусунун 3 учуру катталган. Койдун күл ылаңы облустун төрт районунан чыккан жана 45 кой-козу өлүмгө учураган. Ак-Талаа районунан шарп чыгып элеттиктерди бушайман кылса, облустун 4 районунан пастереллёздун 5 очогу катталып, жыйынтыгында 535 мал кырылып калган.

Кезектеги кенемте

Ошентип облустагы эпизоотологиялык абал быйыл өткөн жылдагыдан туруксуз экендиги азыртадан эле ачыкка чыгууда. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагындагы Ак-Чат деген кыштоодо 10-февралда алгачкы кутурма оорусу катталды. Анан 15-жана 27-февралда Ак-Сай өрөөнүндө, 3-мартта Ат-Башы районунун Жибек Жолу айылында бул жугуштуу ылаң дагы кайталанды. Натыйжада 4 очоктон 4 ат, 4 топоз, 2 баш кой,1 бука жана 1 эчки кутурма менен ооруп өлгөн. Эми кутурманын бешинчи очогу Нарын районунун Калмак-Ашуу деген кыштоосунда 30-март күнү болгондугу эшитилди. Демек, 2014-жылы облуста орточо алганда 4 айда кутурма оорусунун бир учуру кездешсе, быйыл 3 айда беш учуру катталып, рекорд койду. Ал эми адистер өлкөдө вакциндерди камсыздоого карата тендер алигиче өткөрүлө электигин маалымдашууда.

Күмөндөр Усупов, “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...