Акыркы макалалар

“Менин атам (энем) – ишкер” атту конкурс жарыяланды

“Менин атам (энем) – ишкер” атту конкурс жарыяланды

1-июнь балдар күнүнө карата республика боюнча Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи, “Баластан” балдар журналы жана ЖИА бизнес ассоциациясы биринчи жана алтынчы класстын окуучуларынын ортосунда “Менин атам (энем) – ишкер” аттуу темада конкурсун жарыялайт. Конкурска аталган тема боюнча сүрөт тартуу жана дилбаян жазуу керек.

КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ: ❶ Бала бакчанын тарбиялануучулары жана 6-класска чейинки мектеп окуучулары катыша алат. ❷ Бир катышуучу бирөөнө эле катыша алат. ❸ Конкурска берилген материалдар эч жерде жарыяланбаш керек. ❹ Дилбаяндын тексттери компютьерден терилип, 12 pt, Times New Roman ариби болуш керек. Текст 500 сөздөн ашпай, кыргыз тилинде жазылыш керек. ❺ Сүрөттөр А3 форматындагы кагазга фломастер, түстүү карандаш, акварель боёктору менен тартылуусу керек. ❻ Бардык материалдар 20-май, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Сыйлыктар: 1-орун – Букридер, 2-орун – Велосипед, 3-орун – Кол саат Кошумча кызыктыруучу сыйлыктар бар. Дилбаяндар жана сүрөттөр төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи. Маркетинг бөлүмү (Гүлбара, Динара) Ж. Абдрахманов көч. 196 тел.: 0312 664959 "Баластан" балдар журналынын редакциясы Бишкек ш. Медеров көч. 73 тел.: 0557772626, 0709939326

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...