Акыркы макалалар

ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ ЖӨНДӨМДҮҮ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ЧАКЫРАТ

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, тактап айтканда, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын мектептеринин 10-классынын окуучуларына Борбордук Азия Университети тарабынан алдыдагы жайкы каникул учурунда уюштурула турган билимин жогорулатуу боюнча уникалдуу программага катышуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

Борбордук Азия Университетинин жайкы лагери Ысык-Көлдүн жээгинде 17-июндан 7-июлга чейин өтмөкчү. Лагерь уюштурула турган көл жээгинин көркөм жери мектеп окуучуларын университеттерге кирүү үчүн сынактарга даярдоо аянтчасынын кызматын аткарат. Сынактарга даярдоону атайын даярдалган тажрыйбалуу эл аралык мугалим жана лагерь жетекчилеринен турган топ өткөрөт.

БАУнун академиялык маселелер боюнча деканы д-р Арифф Качра мындай деп түшүндүрөт:

- Жайкы лагерь - 2016-жылы Нарындагы биздин биринчи кампусубуздун ачылышынын алдында жогорку класстардын жөндөмдүү окуучуларын аныктоо жана аларды тартуу боюнча ар тараптуу ыкманын бир гана бөлүгү. Лагерь аркылуу мектеп окуучуларына БАУ болобу же башка алдыңкы дүйнөлүк же регионалдык университет болобу, айтор, жогорку окуу жайларга ийгиликтүү өтүүлөрү үчүн колдоо көрсөтө алабыз деген үмүтүбүз зор.

БАУнун коомчулук менен байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Нисар Кешванинин айтуусу боюнча лагердин негизги максаты- окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу. Жайкы лагерь мектеп окуучуларынын англис тили жана математика боюнча билимин эл аралык атаандаштыкка жарактуу деңгээлге жогорулатуу жана алардын дүйнөлүк деңгээлде билим алууга даярдыгын камсыздоого багытталгандыктан лагердин катышуучуларына англис тилин жана математиканы Канада жана АКШнын билим берүү жаатындагы эксперттери тарабынан иштелип чыккан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларына ылайыкташтырылган программа боюнча окутуу каралууда.

Лагердин катышуучуларына Борбордук Азия жана чет өлкөдөн келген мугалимдер менен жолугуу мүмкүнчүлүгү берилет. Лагерь аяктаган соң ар бир катышуу скайп программасы аркылуу Канада же АКШлык кураторго бекитилет. Куратор окуучуларга эл аралык деңгээлдеги окуу жайына тапшырууга даярдануу боюнча кеңештерин берет. Катышуучулардын англис тили боюнча билимин бекитүү максатында окуудан тышкаркы иш чаралардын бардыгы англис тилинде өтмөкчү. Иш чараларга спорттук мелдештер, дебаттар, сахна оюндары, музыка кечеси жана Ысык-Көлдүн кооз жерлери менен таанышуу максатында экскурсиялар кирет.

Жайкы лагерге катышуу үчүн үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында 10-класстын окуучуларынын арасында атайын тестирлөө жүргүзүлмөкчү. Тесттер жакында Нарын шаарындагы БАУнун Кесиптик жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде өтмөкчү. Сурап билүү телефондору: 0 770 822 901

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...