Акыркы макалалар

“СОЛДАТТЫН АТАСЫ”

Улуу Ата Мекендик согуштагы маанилүү кырдаалды таасын чагылдырган “Солдаттын атасы” көркөм фильминде согушта жүргөн уулун издеп, далай окуяларды башынан өткөргөн Макарашвили бүгүнкү күнгө чейин даңазаланып жүрөт. Мындай таза сезимдер, улуу патриоттуулук грузиндерде эле эмес, Ата Мекени, карачечекей балдары үчүн эс нерседен кайра тартпаган эр жүрөктүүлүк ошол кездеги совет элинин бардыгында болгон. Буга окшогон окуялар ошол “каар жылдарда” кыргыздардын арасында да учураган.

Ал кездеги Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну, мергенчи Алтыбайдын Ысагынын өзүнүн уулу Темиралы, асырап багып жүргөн эки агасынын эки уулу Турдалы менен Кысыр согушка кетет. Андан дагы Темиралы 16 жашында согушка жөнөйт. Себеби ал комсомолго өтөм деп жашын өйдөлөтүп алып ошол бойдон 18ге чыккан комсомолец катары 16 эле жашында армияга алынат.

Кысыр жарадар болуп келип үйдөн каза болот. Турдалы фашисттердин кылмергендеринин огунан о дүйнө кетет. Аны кийин жанындагы кошо согушуп жүргөндөр айтып келишиптир. Снайпердин огу дал чекесине тийгенде Турдалы шылк жыгылып, согуш талаасында кала берген. Ысык ата “Турдалымдын сөөгү да көмүлбөй калган окшойт” деп ыйлачу эле.

Темиралысы “мен артиллериядамын” деп кат жазып турат. Ал Балтика боюнунун токойлорунан жалпы армия менен кошо улам артка чегинип отуруп, кийин кайсы жер экени белгисиз, ошол бойдон дайынсыз калат.

Үч кырчындай уулунан ажырап Ысак атанын чачы бир күндө агарып кеткен экен. Ошол балдарды кымындайынан багып чоңойткон Батма апа күйүткө чыдабай акыл-эсинен ажыраганга чейин барып, акыры күйүттөн эки буту тең баспай калыптыр.

Балдарынан да ажырап кемпири экөө тең карандай кайгыда калып турганда өчөшкөнсүп "Советтик Армия чегинип келатат" деген гана кабарлар угулуп турат. Акыры фронт Сталинграддын алдына келди деген кабар тарайт. Ысак аксакал райвоенкоматка барып фронтко жөнөтүүсүн суранат. Бирок "жашы 65ке барып калган адам армияга алынбайт" деген жооп угат.

Бирок күйүттүү ата балдары үчүн фашисттерден кандай да болсо өч алууну көксөйт. Анын оюна булар жибербесе жашыруун барып деле фашисттерден өч алса болот деген ой пайда болот. Үч уулу үчүн Сталинграддын жанынан эч болбосо үч фашистти жоготкусу келет.

Ооруган кемпирин ийнине салып врач Майлышовго Нарынга алып келет. Тилекке каршы, аны дагы бир жума мурда фронтко алып кеткен экен. Айласыздан кемпирин молдого окутуп эсине келтирип, баспай калган шишик бутунан табыпка кан алдыртып бир бутун бастырат. Экинчи бутунун тарамышын жара кесип алып, ал буту өмүр бою чолок болуп, эки балдак менен басып калды.

Ызасы башынан ашкан ата мергендерче кийинип, ак бараң мылтыгын асынып, чалыш торусуна минип түн катып ашуу ашып, суу кечип жүрүп Кыргызстандын чегинен чыгат. Казактын талаасы менен кан күйгөн батышка, болгондо да Сталинградды беттеп жөнөйт. Фронтко жөнөтпөй койгондор кармап албасын деп түнкүсүн жол жүрүп, күндүзү атын оттотуп жашыруун жол улайт. Ушул темир жол алып барат деп темир жолду боолголоп кете берет. Бирок атанын максаты ишке ашпады. Күндөрдүн биринде таңга маалда кайсы бир станциянын жанына жакын барып калат. Ал жердегилер мылтык асынган шектүү адамды кармашат. Катаал суракка алышат. Ошентип атанын жайын уккандан соң эгер кайра кетпей турган болсо согуштук тартипти бузган киши катары атылаарын эскертишип, катуу кайтаруунун алдында артка өзүнүн айылына колдон колго өткөрүп жеткиришет.

Ушинтип кыргыз солдаттын атасы Макарашвиличе балдарын таппай супсуну сууп кайра келет. Кийин тиешелүү адамдардан кеңеш алып балдарынын өчүн алыш үчүн өзүнүн каражатынан бир танкага жеткидей акча тапшырган экен. Ал каражат танк жасаганга кеттиби, же Макарашвилидей болгон сабатсыз адамдын каражатын белгисиз бирөөлөр жок кылып койдубу ким билет. Бирок Ысак ата ал каражатты балдары үчүн бергендигин ар дайым эскерчү эле.

Ата 1972-жылы 84 жаш курагында 6-май күнү каза болду. Ал дайыма 9-майда балдарын эскерип, куран окуп калаар эле. Ушул жолу өзүнө куран окулду.

Темиралы ошол бойдон дайынсыз калды. Анын латын тамгалары менен жазылып, үч бүктөлгөн 15-20 каты да жоголуп кетти. Бирок, ата уулун дагы эле тирүү деген үмүттө жүрүп көзү өтүп кетти. Темиралынын дайынсыздыгы эскерүү китебиндеги тизмедеги бойдон калды.

Мына урматтуу окурмандар солдаттын атасы жалгыз эле Макарашвили эмес кыргыздардын арасында да болгон.

Мен ошол кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы үч бирдей баласынан ажыраган “солдаттын атасы” Алтыбаев Ысактын кийинки көргөн балдарынын биримин.

Согушта жок болгон агаларымдын, өмүр бою үмүтүн үзбөгөн бойдон жарык дүйнө менен кош айтышкан апам менен атамдын арбактары ыраазы болсун деп ушул маалыматты билдирип коюуну туура көрдүм.

Шаршенбек АЛТЫБАЕВ, академик Үсөн Асанов атындагы Нарын

облустук лицей-интернат мектебинин мугалими, «Эл агартуунун отличниги».

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...