Акыркы макалалар

“ЭЛИБИЗ ТЕРС АГЫМДАРГА ООГОН ЖОК...”

“ЭЛИБИЗ ТЕРС АГЫМДАРГА ООГОН ЖОК...”

Өлкөнүн баш мыйзамында каралгандай, дин мамлекеттен ажыратылган. Ар бир жаран өзү каалаган динди тутууга ыктыярдуу. Ошондой болсо да, кыргыз эли абалтан салттуу мусулманчылыкты тутунуп, муундан муунга шарияттын негизинде жашап, тиричилик кылып келет. Бул багытта Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы да жүзөгө ашырылууда. Гезитибиздин өткөн санында белгиленгендей, жакында Нарын шаарында өткөн «Дин таануу жана диний билим берүү» деген аталыштагы симпозиумда аталган концепциянын алкагында облуста аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымдалып, “Теңир-Тоо” элинин үндөөсү кабыл алынды. Ушул туурасында төмөндө кеп кылсак.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери республиканын аймагына сырт жактардан ар кандай багыттагы диндер, секталар агылып кирип, адамдардын аң-сезимдерин буруу үчүн жасалган аракеттер арбын болуп жаткандыгы жашыруун эмес. Ислам динине жамынган топтор салттуу мусулманчылыкты бурмалап, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурууда. Мындай баш айлантма агымдардын таасиринен элеттик теңиртоолуктар алысыраак. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, айрым жарандар терс жолдорго бурулуп, салттуу исламдан тышкары диний багыттарга ооп кеткен учурлар бирин-серин кездешпей койбойт. Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо жана алдын алуу үчүн облуста тиешелүү чаралар өз убагында аткарылып турат. Диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан иштер өлкөбүздүн коопсуздугун сактоо жана улуттун кызыкчылыгын коргоо максатын көздөйт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимбай Эргешов аталган симпозиумда баса белгилегендей, “Нарын облусу республиканын эң алыскы облустарынын бири болуп, бирок, коомго орундуу, журттун багытын, анын диндик дагы, дүйнөлүк дагы, коомдук дагы маданияты боюнча алгачкылардан болуп алгылыктуу иш-чараларды жүргүзүп келет”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизовдун маалыматында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жөнүндөгү №24 Жарлыгы, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2014-2020- жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын облуста аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн атайын буйругу чыгарылып, тиешелүү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу райондук мамлекеттик администрацияларга, айыл өкмөттөрүнө, Нарын шаардык мэриясына жүктөлгөн.

Маалыматка таянсак, облустун аймагында жалпы 130 мечит, 17 намазкана, 3 диний окуу жайы жайгашкан. Булардан тышкары, “Адеп башаты” диний фонду өз ишмердүүлүгүн жүргүзсө, мечиттерде 119 имам кызмат кылат. Имамдардын ичинен жогорку диний билимдүүлөрдүн саны 11 адам, имамдык курсту бүткөндөр – 21, медреселерден окугандар – 22, өз алдынча окугандар – 65 адам. Ар бир диний мечитке жана диний окуу жайларына ички иштер органдарынын бирден кызматкери бекитилген. Азырынча 52 мечит Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик дин боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн, ал эми 78 мечит каттоодон өтө элек.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев ажынын айтымында, “ата-бабаларыбыз абу-ханифа масхабындагы динди бекем карманып келгендиктен, элибиз терс фундаменталдык агымдарга ооп кетти дегенден алыс болуу керек”. Облустук казыят тарабынан мамлекет менен имамдардын ортосундагы ынтымакты бириктирүү максатында мечиттердин 120га жакын имамы менен биргеликте имамдык курстар өткөрүлүп, алардын диний деңгээлин көтөрүүгө аракет жасалды.

Албетте, аймагыбызда аткарылып жаткан алгылыктуу аракеттер менен катар көйгөйлүү маселелер да жетиштүү. Маселен, имамдардын билиминин жетишсиздиги - моюндай турган маселе. Мамбетасан Ибраевдин пикиринде, “өлкөбүз динсиздик доорунан эркиндик дооруна кирип, динсиздик доорунда тил, математика, экономика ж.б. боюнча кадрлар даярдалганы менен, дин боюнча кадрлар даярдалган эмес. Эми кудайга шүгүр, имамдардын билим деңгээлин көтөрүү боюнча иштер алдыга жылып жатат. Имамдын, молдонун негизги милдети - элдерге ыймандуулукту, адеп-ахлакты жеткирүү. Андыктан, туура динди, туура багытты берүү керек”. Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү менен катар аларга тиешелүү өлчөмдө айлык маяна чектеп берүү учурдун талабы. Кара-Булуң айылынын имамы: “Мен имамдыктан тышкары, алты километр жерден тоо ашып бирөөнүн коюн багам. Себеби үй-бүлөнү багыш үчүн оокат кылуубуз керек эмеспи. Имамдардын статусун көтөрмөйүнчө дин таануу деген болбойт. Жергиликтүү имамдардын кадыр-баркын көтөрүп, каржылык маселелерин мамлекеттик деңгээлде чечип, жок дегенде кароолчунун деле айлыгын берип койсо болмок" деген ойдо. Негизинен, имамдарга айлык маяна чектеп берүү КРнын Конституциясына туура келбейт. Бирок, Коопсуздук кенешинде каралып, “Имам” фонду түзүлгөн. Президенттин аппаратынын этностук диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматовдун айтканына таянсак, дал ушул фонд аркылуу имамдардын айлык маяналары чечилип, ишке ашып калуусу мүмкүн.

Облустагы мечиттердин, намазканалардын, медреселердин санынын так эместиги, мечиттердин курулушунун сапаты айрыкча көнүл бурууну талап кылат. Кээ бир мечиттердин сапаты начар болуп, кабыл алынбай калган фактылар да болуп жатат.

Симпозиумга катышкан вице-премьер министр А.Маматалиевдин айтуусу боюнча, чет өлкөдө диний багытта билим алып келген жарандардын көбүнүн кайсы бир деңгээлде дин боюнча билими болгону менен жалпы билими жок. «Эң коркунучтуусу жаштар чет өлкөгө барып, экстремисттик багыттагы уюмдардан билим алып, алар менен кызматташып, мыйзамга туура келбеген иштерди жасашууда. Алданып, Сирияга согушка кетип жатышат. Ал эми айрымдары диний ар кандай максаттагы уюмдарды ачышып, ал уюмдардын ортосунда карама-каршылыктар болуп, чыр чатактар чыгып кеткен учурлар болууда». Бул багытта Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Нарын облустук ички иштер башкармасынын начальнигинин биринчи орун басары Жусубалиев Чолпонбектин маалыматында, Нарын облусунун аймагында экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу жана терроризмди алдын алуу боюнча бир катар иштер аткарылып келди. “Хизбут-тахрир”, “аль-исламият” уюмдарына киргендердин саны облуста кыскарып жатат. Бүгүнкү күндө 27 адам хизбут-тахрир уюмунун мүчөлөрү катары каттоодо турушат. Булардын алтоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш – Жаза кодексинин 299-беренеси менен экстремисттик уюмдарынын идеяларын жайылтышкандыгы үчүн сот жообуна тартылышкан. Чет мамлекеттердеги салттуу эмес диний билим берүүчү жайлардан КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын макулдугусуз билим алып, терс таасирленүүсү боюнча элдин арасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

2015-жылдын үч айында Нарын облусу боюнча диний экстремизмге байланышкан сегиз факты аныкталып, булардын экөө боюнча топтолгон материалдар улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгына жиберилип, диний экспертизанын жыйынтыгы боюнча эки фактыдан кылмыш ишин козгоо боюнча баш тартылып, төрт факты боюнча экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат.

Дагы бир көйгөйлүү маселелердин бири, азыркы тапта мечиттерде электр жарыгы үчүн коммерциялык баа каралгандыгы. Мечит бир нерсе өндүрүп чыгарган цех же кийим тигүүчү жай, же ишкана болбогондуктан, 2,23 сомдон төлөө жүйөөсүз. Бул маселени вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев энергетика министрлиги менен биргеликте карай тургандыгын убада кылды.

Симпозиумдун жүрүшүндө "өлкөдөгү диний багытты түптөөдө Президент А.Атамбаевдин өзү демилге көтөрүп, республикалык масштабда абу – ханифа ханафий масхабынын бир масхаб негизде иш алып баруусу, аны менен кошо матрудий ынанымы – кыргызстандык мусулмандар үчүн ынанымдын чегин көрсөтүп бере тургандыгы мамлекеттик деңгээлде коомду тынч өнүктүрүп кетүүгө, ар кандай сырттан келген ойку-кайкы пикирлерден аман сактап калуунун ишенимдүү кадамы" деп бааланды. Мамбетасан Ибраев ажы белгилеп өткөндөй, бир аалым: “эгерде бир элдин күчүн көргүң келсе, ал мамлекеттин аскери менен аныкталбайт, ал элдин ынтымагы, биримдиги менен аныкталат” деп айтыптыр. Ынтымак, биримдик болсо, мамлекетибиз өнүгөт, өсөт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...