Акыркы макалалар

Жериў семиз болсо, эгиниў тегиз болот...

Акыркы жылдары жерибиздин кунары качып, дыйкандар мол тїшїмгє жетише албай калган учурлар кєп эле кездешип жатат. Ар жылы дыйкандар жер семирткичтердин тартыштыгын сезип, аны кантип алсак болот деген тїйшїккє кептелет. Бул бир чоў кєйгєй. Ошол эле учурда химиялык жер семирткичтердин зыяндуулугу, анын ар бир єлчємїндєгї Адам баласына, айлана чєйрєгє алып келїїчї зыяныны эсептеп чыккан адистер, химиялык жер семирткичтерге каарманча каршы болууда. Деги эле кыргыз эли айыл чарба азыктарын єндїрїїдє кайсы жолду таўдашы керек? Органикалык азык тїлїктєрдї камдоодо байыркы ата-бабалар тутунган ыкмаларды пайдалануу абзелби.., бїгїнкї кїндє єнїккєн єлкєлєрдїн кєўїл борборунда туруп, кызыгууну жаратып жаткан органикалык жер семирткичтерди пайдалануу жолун таўдайбызбы? Бул суроонун айланасында талаш –тартыш келип чыгууда. Сиздин таўдоонуз, сиздин пикириўиз кєпчїлїктї кайдыгер калтырбаса керек. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен бул саныбызда, топурактын асылдуулугун арттырууга Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабына жїргїзїлїп жаткан иш –аракеттер, жана пестициддердин зыяндуулугу багытындагы макалаларга орун бердик. Жаз алды менен жер иштетїїдє алгач топуракка маани берген дыйкандар кайдыгер калбай кабарлашат деген тилектебиз.

Дыйкандарыбыздын жазгы иштерин жеўилдетип, мол тїшїм алуусуна кандай орчундуу аракеттер кєрїлїїсї туурасында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев тємєндєгїлєрдї айтып берген эле..

Жер семирткичтер - тїшїмдїн кепилдиги

Тїшїмдїїлїктєгї жетишкендиктерге жетїї їчїн эў оболу топурактын сапатын жакшыртып, анын асылдуулугун арттыруу - мезгилдин талабы болууда. Себеби, биздин топурактардын сапаты єзгєрїп, баягы 25 жылдан берки табият суулары сиўген жердин єзїнїн катмарынын асылдуулугу калбай калган. Анын бирден-бир чечими катары жер семирткичтер менен топурактын сыйымдуулугун тоюндуруу каралып жатат. Єзгєчє акыркы эки жылдан бери башка мамлекеттерден жаўы жаўылыктарды алууну максаттап, кєп жерлерге да барып келдик. Учурда, алардын кєпчїлїгї биз менен кызматташууга абдан кызыкдар. Себеби, алар жер семирткичтердин органикасы дагы, химиясы дагы, минералы дагы, бардыгы, биздин жерге ылайыктуу делип, сунуштап эле жатышат. Буга чейин деле арзан баада Єзбекстандан алып турчу элек. Эми минтип, тїрїнєн баасы дагы абдан кымбаттады. Албетте, биздин дыйкандар їчїн мындай мамиле кымбатка тїшїрїп коёт.

Ал себептен, кытайлыктар менен бирдикте Кыргызстанда жер семирткич чыгаруу боюнча завод куруу маселесин талкууладык. Себеп дегенде, Кытайда буудайдын 1 гектар жерден алган тїшїмдїїлїгї 9 тоннага, жїгєрїнїкї 18 тоннага, кїрїчтїкї 7-8 тоннага жетет экен. Биздики болсо алардыкына салыштырмалуу 3-4 эсе аз да. Мынча кєп тїшїм алуунун себеби, тїздєн-тїз жер семирткич, суу жана техникага байланыштуу экенин айтышты. Алар буудайды, жїгєрїнї айтор баарын теў, тиккенден жыйнап алгыча 7-8 жолу сугарышып, гектарына 1,5 тоннага чейин жер семирткич беришет экен. Бизде болсо ашып кетсе 3-4 жолу сугарылып, гектарына 200-300 кг гана жер семирткич берилет. Мындай анализдерден соў, гектарына 1,5 тонна химия “жеген” кїрїч, буудай, жемиштер экологиялык жактан таза болбой, жалаў эле химия болуп калат, деген коркунучтун келип чыгышы толук мїмкїн. Бирок, бул тууралуу алардан сураганыбызда, жашылчаларга жер семирткичтерди берїїнїн ыкмалары да башкача болоорун айтып беришти. Мисалы, бул ыкмада єстїрїлгєн помидордун тїшїмдїїлїгї гектарына 105 тонна экен. Бизде дыйкандар 30 тонна алышса, баш кийимин кєккє ыргытып сїйїнїшєт.

Їрїмчїдє эки чоў томат-консерва чыгаруу заводу бар экен. Ал жерден чыккан продукциянын дээрлик кєбї Европага экспорттолот дешет. Европа мамлекеттери эч убакта нитраттары бар продукцияларды албайт эмеспи. Биз ошого таў калып, анын да чоо-жайын сурап кєрдїк. Алар: “Биз буудай, кїрїч, жемиш болобу 1 жолу сугарып, ар бир гектарына 100-150 кг жер семирткич беребиз. Ал кийинки сугатка чейин жерге жана азыктын єзїнє сиўип кетет. Ошол себептен нитрат болбойт, болсо да єтє аз болот” дешти.

Биз болсо, жер семирткичти жазда жана кїздє нормасынан кєп берип салабыз, ошонун менен бїттї. Кєрсє кєп бербей тез сугарып, аздан бериш керек экен. Азыр дїйнє єлкєлєрї, химиялык жер семирткичтен органикалык жер семирткичке єтє баштады. Ошондой болсо да, азырынча органикалык жер семирткич дїйнєдє 1 эле пайызды тїзїїдє. Анын їстїнє, бизде эки жер семирткичти теў чыгара турган завод жок болуп жатпайбы. Кыргызстанда дыйкандардын 80 пайызы жер семирткич колдонсо, калган 20 пайызы колдонбойт. Колдонсо да тооктун кыгы, койдун кыгы сыяктуу табигый заттарды колдонот.

Ошон їчїн, былтыр биз Бишкекке Кореялык инвесторлорду алып келген элек. Алар суюк минералдык жер семирткич чыгаруучу завод куруп, жыл жыйынтыгы менен 4 тїрлїї органикалык жер семирткичтен 100 миў литр чыгарып, 70 миўин сатышты, калган 30 миўи сатыла элек. Анткени, ал заводдун продукциясын эч ким жакшы билбейт да. Быйыл миллион литрге жеткиребиз деп шымаланып жатышат. Ал эми Кытай мамлекети менен жер семирткич чыгарган завод куруу боюнча сїйлєшїїлєр 2007-жылы эле башталыптыр. Азыр кытайлык компания менен сїйлєшсєк, заводду курууга алдын ала эсептєєлєр боюнча 600 млн. доллар керек экенин айтышты. Биз дагы сїйлєшїїлєрдї улантып, бир кореялык инвесторлорду таап сунуштаганбыз. Натыйжада атаандаштык жаралып, кытайлыктар заводду 550 миллионго тїшїрїштї. Бирок, Єкмєт ал заводду насыя алып, єзї салбайт. Биз кытайлыктарга єзїўєр салгыла, тикелей инвестиция болсун, жерди, калган шарттарды биз тїзїп, сатканга жардам беребиз, деген талап коюп жатабыз.

Ал заводду жер шартына, анан керектелїїчї отундун ыўгайына жараша тїштїк жергесинде курмакчыбыз. Тактап айтканда, Таш-Кємїргє курулат. Себеби, ал жакта Тегене деген жерде запасы бери болгондо 50 жылга жете турган кємїр карьери бар. Ал эми бизде, электр энергия тартыш болгондуктан, курула турган завод кємїр менен иштейт. Буюрса, ал завод жер семирткичтин тїрлєрїнєн тышкары, газ жана башка пайдалуу химиялык элементтерди дагы чыгарышы кїтїлїїдє. Анын баарын эсептесек, завод єзїн 10 жылдын ары жак, бери жагында актап алат экен. Кыскасы, ал заводду курууга Єкмєт кепилдик да бербейт, насыя да албайт. Бирок, буюрса жакынкы убакытта бул чоў ишти инвесторлор колго алышат деген їмїттєбїз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...