Акыркы макалалар

Түндүк Палмира

Түндүк Палмира

Дайыма жок дегенде эле, бир айды артка кайрууну кыялданат элем. Тагыраагы жыл мезгилин. Беш саат учак менен жетиш- мен ойлогондон да жеңил экен. Негизгиси туура тандоо керек: «кайнаган Стамбул эмес», үп, аба жок Кайир дагы эмес, мисалга «Түндүк Палмир».

Питердеги «Боштондук аянты» метросунун станциясында тыпылдаган кемпир пирожки сатып отурат. «Канча?»,- деп суроо узаттым. «80 рубль» - «Даанасыбы?» - «Албетте тобу эмес да!». Даанасы эткенине сүйүнүп калдым.

Иш жөнүндө

Ишимдин программасы- «мекендештердин» жыйыны. Башкача айтканда, Оруссия сыртында орус тилинде жазган калемдештер. Бул жерде мен себептен пайдаланып, Оруссияда мекендештердин өздөрүнө кандай мамиле кылынаарын териштирип жаттым. Орусча сүйлөгөн башка өлкөлөрдүн атуулдары деп тактаар элем. Учурдан пайдаланып, жыйынтыктарды маалым кылам.

КМШдеги орус тилдүүлөрдөн «орус эли» биротоло көчүп келүүсүн же унчукпай күн өткөрүүсүн өтүнүшөт. Катардагы карапайым оруссиялыктар «мекендештерин кабыл алууга» ниети бар деңизчи, бирок ошол эле учурда мейманчылыгы көп билинбейт. Албетте келгиле. Бирок бизден артып калган жерге гана. Башка жака көп башыңарды салбагыла, антпесе башыңарга балта дегендей. Бул жөн гана сөз эмес, далил- эринбей 100 чукул Петербургдун жашоочуларын көчөдөн сурамжыладым. Мындай көрүнүшкө мен өзүм журналисттердин бир жолугушуусунда деле күбө болдум. Чогулгандар отурганча мени кеченин уюштуруучуларынын бири кепке тартты.

- Кыргызстанда орус тилдүүлөр канчасыңар?

- Жарым миллион болот го чамасы...

- Анан эмне отурасыңар? Пенза облусунда бош калган айылдар бар, ошол жака барбайсыңарбы!

- Силер эмне ал каңгыраган айылдарга барбайсыңар?

- Мен шаар четинде турам, таң атпай күн сайын уй саайм, ошол үчүн сиздин кыйытма сөзүңүздүн кереги да жок.

- Биз шаар четине көчүп келсек, кысылып каласыңарбы?

- Силер кыргыздар дайым көптү каалайсыңар.

Ооба анысы чын экендиги чын дечи. Бирок ошончолук көппү? Сый-урмат жана түшүүү. Оруссиянын чет жактагы ( КМШ өлкөлөрүндө өзгөчө ) орус тилдүүлөр менен бириктирип жаткан ичке жип үзүлүп бара жаткандай. Колум " акырын мундуу үндү" жазгысы келип кетти. Оруссиядан төрөлө электе эле кол үзүп, анысы аз келгенсип, мындай мамилеси чындап кейитет. Мындай «жетимчиликти» Орсусиянын чоң шаарларында учуратса болот.

Кеченин расмий бөлүгү аяктаган соң, катышуучулар мейманканадан эс алганы чыгышты. Зоопаркатагыдай- ар кайсыл тилде чулдурап жаттык. Кыргыз тилинде алардын арасында мен эле сүйлөбөйт экенмин, калгандары «багып» алган мамлекеттердин тилинде эркин сүйлөп жатышты. Мейманканадан алыс эмес жерден бизди көчө күзөт кызматы токтотту. Бети грузинге окшоштун паспорту- гректики. Азербайжандан татынакай орус кызы келген. Кытайга түспөлдөш европалык орустарды жолуктуруу- чанда эмес. «Финндер» цагандарга окшошуп кетишет. Менин тармал сары чачым менен кыргыз паспорту- жалпысынан чындап таң калууну жаратты. Милиционер келечектин унаасынан " советтик элдер достугу" фестивали жүрүп жатканда түшүп калгандай эле болду. Кылдат карап чыгып, жаныбызда турган кара кызга токтолду ( ал биздин топтон эмес, жөн эле чогуу сейилдеп жүргөнбүз ) : «Сыягы сиз Эстон жериненсиз го?».

Менин азыркы эч кимге жакын да, эч кимге алыс болбогон абалымда , колумдагы күчүмдү жыйнап, муштумум менен Советтер Союзун талкалагандарды ургум келет. Бирок Путин туура айтты. Ал жөнүндө кейибегендердин жүрөгү жок. Аны кайрып алабыз дегендердин акылы жок.

Шаар жөнүндө

Кыскасы кайгылуу нерсе жөнүндө сүйлөгүм келбейт. Шаар тууралуу айтып берем. Питерде Москвага караганда акча көптөй сезилди. Бул жакта көп, өтө көп жүгүртүлөт экен. Көп билингенинин себеби, Санкт-Петербург мегаполис эмес, чакан, ошол үчүн өзгөрүүлөр дароо билинет. Өзгөчө жаңы келген туристке. Питер Москвага караганда кичине, тыкан, өнөр жай аймактары деле бир аз жакшыраак көрүнөт экен. Ал эми баалар төмөн эмес. Ошондой эле. Башкача айтканда орто маянасы бар Бишкектиктер үчүн деле бир топ.

Тарыхый эстеликтер өтө жагымдуу мүнөзгө ээ. Бир карасаң-кейиштүү, эскирген имарат. Сүрөткө тартып карасаң-тарыхый эстелик. Анан да баардык жерде эле кайра жасалгалоо иштери , токой ( курулуш) токой жана токой. Бир нече кылымдаган тарых- таштарда- каражаттын аздыгынан томсоруп турат. Бизде Бишкекте төрт кварталга башынан аягына чейин ушул эстелик аянттын бири эле жетмек. Эки жагымды карап, дүйнөнүн акчасынын баары Питердеги эстеликтерди кайра жасалгалап чыгууга жетпейт го деп ойлоп койдум. Албетте анын баарын оңдоо керектигин жаны келген мага деле түшүнүктүү болду.

Невада көпүрөнүн ачылып, жабылышын көрүү керек. Бул өтө кооз көрүнүш, адамды кызыктырат.

«Оруссиянын маданий борбору, түндүк Венеция, Петердун баласы- 4,8 миллион калкы бар, чоңдугу боюнча Оруссиядагы экинчи шаарды дал ушинтип аташат. Дүйнөдөгү көп мамлекеттер мынчалык көп музейлери, опера жана драма театрлары, сарай, парк жана эстеликтери менен мактана албайт болуш керек.

Питердин адабий жана музыкалык мурастары, белгилүү жазуучу, акын, композиторлордун жараткан эмгектери кимди гана болбосун толкундантат. Париж, Рим жана Венеция менен катар Санк-Петербург ЮНЕСКОнун тизмесине кирип, мындагы болгон тарыхый борбордун баардыгы коргоого алынган. Мындан тышкары 42 конфессиянын сыйынуучу жайлары, анын арасында чокусу фарфор мечит, Европадагы жалгыз Будда чиркөөсү жана Малта орденин кооз капеллосу бар. Ошондой эле Санкт-Петербург-бул " көпүрөлөрдүн шаары". 68 дарыя, канал жана суулар ар кайсыл багытта агып, аймакта 42 аралды түзгөн. Азыр Санкт-Петербургдун аймагында 580 көпүрө бар, алардын 20сы көтөрүлүп кайра ордуна келип турчулар» - дейт энциклопедия .

Бирок мунун баары негизгиси эмес. Атмосфера -мына ушул нерсе шаарды өзгөчөлөйт. Өзгөчө атмосфера. Кайсыл мезгилде болбосун, кычыраган ызгаардуу кыш, нөшөрлөгөн жаанда, жай аптабы же суук болбосун, шаар сизди өз баласындай багып алып, деми менен жылытып, көңүлүңүздү тынчтандырып, үмүт менен толтурат. Чын эле ушундай.

Жергиликтүү эл чындап эле жомоктогудай досчул жана сылык келишет. Шаар Молдова, Украина жана мурдаакы совет өлкөлөрүнөн келген мигранттарга жык толгон, ошол үчүн петербурдуктарды учуратуу кыйын. Кейиткени аларды сактап , аздектөө үчүн эч кандай аракет деле байкалбайт.

Өзүм жөнүндө

Негизинен Питерде бирөөгө таасир этүү кыйын экен. Каалаганындай жүрөсүң. Каалаганынды кийип аласын- эч ким артыңдан да карабайт. Кришнаиттер сарилери, панктар түстүү чачы менен, мусулмандар паранжасы менен жүрө беришет. Кыйыкырып, шыбырасан деле макул-негизгиси сага жакшы болсо болду. Жөн эле кетиш кыйын. Акчамдын баарын акыркы күнү коротуп салып, аеропортко такси менен жетүүгө акчам жок калыптыр. Чөнтөгүмдү тытсам да эчтеке жок. Метро анан автобус бар. Кудай жалгап метро мейманкананын жанында эле. Жүгүм оор. Арзандатылган бут кийимдердин дүкөнүнө миллионер менен эле дүйнөнү кечип жүргөн киши гана кызыкпайт болуш керек, калган жагынан алганда Бишкеке салыштырмалуу Питер өтө кымбат шаар. Мен дагы жанынан өтпөй, дүкөнчүлөдүм. Жүгүм жетиштүү эле болду. Эптейм го эми.

«Московская» станциясынын айрым эшиктеринде оңдоо иштери жүрүп жатыптыр. Түшүбөстүк себеби электричкада эшиктер ачылганы менен станциядан чыга албайсың. Вагондо ачык эшикти таап чыкканча эле динамикте абайлагыла деген үндү уктум. Болбой эле эшике атып чыктым, бирок оң ийнимдеги баштыгым айрылып, мен перрондо, баштыгым вагондо калды. Ал баштыгымда паспорт, билет, акча жана метрого жетон бар эле. Эшиктер жабылып жатат. Каттоого аз калган, дайым так жүргөндү жакшы көргөн жаным, беш минут эле айырма болчу. Мындайда кинодогудай берки баштыктарымды жонума иле калып, вагондо жабылып жаткан эшиктен баштыктарымды сууруп чыктым. Болду. Эми үйгө кайтса болот.

Светлана Бегунова

Түп нускага шилтеме : www.nlkg.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...