Акыркы макалалар

Пайдасы арбын тоо буурчак

Жашоо тиричилигин малга байлаган кыргыздар, дыйканчылыкка Союз тарагандан кийин гана чындап киришкендей таасир берет. Дыйканчылыкка баш койгондо да, Таластыктар эзели кыргыз эли кєп пайдаланбаган тєє буурчак єстїрїїгє багыт алышты. Бири новуя деп, бири лобуя деп, айтоор ар кандай атап жїргєн буурчактын бул тїрїн жапа тырмак єстїрїп калышына Тїркиялык ишкерлердин тїрткїсї кємєкчї болду. Анткени, тамак-ашка тєє буурчакты кєп пайдалануучу Европалык єлкєлєр менен Тїркиялык туугандар тєє буурчакты єстїрїїгє Талас єрєєнїн ыўгайлуу деп табышкан. Кирешелїї єсїмдїктї єстїрїп, анын жемишин кєрїїгє Таластык туугандар тез эле ыўгайлашып кетишти.

Базар экономикасы

киреше алууга кємєктєш

Тїркиялык туугандардын баамында Кыргызстандын ушул єрєєнїндє тєє буурчак єстїрїїгє толук мїмкїнчїлїк бар. Алардын белгилєєсї боюнча, Таластын жаратылышы, климаттык єзгєчєлїгї тєє буурчакка жагымдуу болот. Элдин кєпчїлїгї мал багууга ыктаган болсо, дыйканчылыкка ык алгандары «сары алтын» атыккан тамеки єстїрїп жїргєн эл болчу. Тїркиялык туугандар Талас элине тєє буурчактын тїркїн ылгамынан їрєн алып келишти. Ошол эле маалда кошумча азыктандыруунун да жолдорун їйрєтїп, жер семирткичтерди да насыяга беришти. Тамекиге караганда тїйшїгї жеўилирээк тєє буурчактын кирешелїї тармак болорун илгиртпей тїшїнгєн дыйкандар, тєє буурчак єстїрїїнї єздєштїрїп алышты. Арадан аз гана жылдар єткєндє Таластык туугандар тєє буурчактын ылгамдарын, кайсы ылгамын тамак-ашка пайдаланып, кайсы ылгамын тек, сатыкка чыгарууга болорун єздєштїрїп алышты.

Ушул жерден тєє буурчактын баасын аныктоодо ортодо ортомчулар кєбєйїп, анын їстїнєн пайда табуунун жолдорун єздєштїргєн бизнесмендер пайда болду. Єзгєчє Акаевдин заманында ортомчулардын доору жїрїп турганын айтып келишет. Ал учурда тєє буурчакты экспортко чыгаруу їчїн келгендер таўдалып киргизилип, дыйкандардан сатып алуу бир кыйла арзан баада жїргїзїлїп турган. Чындыгында эле токсонунчу жылдардын аягында 6-7 сомдон, сорту начары андан да тємєн болуп, дыйкандар эмгегин уттуруп койгон учурлар кездешчї.

Турмуштун єйдє-ылдыйына калчанып, билими бар дыйкандар билип тургандай, ошол мезгилде тєє буурчактын баасы, дїйнєлїк рынокто 2 доллардын їстїндє болуп турган. Дыйкандардын нааразылыгы, пайда табууга кызыкдар бизнесмендердин кєбєйїшї да 2000-жылдары тєє буурчактын баасын 20 сомдун тегерегине чыгарышкан. Эл арасында буурчактын арзан баада болушуна президенттердин балдарынын тиешеси бар, деген сєз дуулдап жїрїп турган. Кандай болгон кїндє да тєє буурчак єрєєндє рентабелдїїлїгїн кєрсєтє алган. Андыктан, дыйкандар башка айыл чарба єсїмдїктєрдї єстїрїїгє анчалык кєўїлдєнбєй, жалаў тєє буурчак єстїрїїгє басым жасап келет. Алгачкы жылдары тактап айтканда 1993-94-жылдары тєє буурчак 162 га жерге эгилген болсо, 2009-жылы 37 миў га жерди ээлеп калды. Ошондон улам, Таласта жерди ижарага алып иштетїї кєбєйдї. Єткєн жылы аталган єрєєндє тєє буурчак 55 миў га жерге эгилип, 82 миў тонна тїшїм алынды. Жылдан жылга тєє буурчактын баасы да жогорулап олтурду. Єзгєчє 2010-жылдан баштап тєє буурчак єстїргєн дыйкандардын эмгеги жанды десек болчудай.

Ортомчулардын

азайышытєєбуурчак єстїрїїнїжогорулатты

Тєє буурчактын баасы жогорулаган сайын аны єстїрїїгє ынтызаарлык кїчєп олтурду. Айылдарда ар жылы кїзїндє жеўил авто унаалар кош-кошу менен кирип жатты. Учурда ар бир їйдє бирден-экиден жеўил авто унаалар турат. Анткени, 2011-жылы кїзгї тїшїм жыйналган учурда килограммын 28-30 сомдон саткан дыйкандар жаз алды менен 35 сомдон сатышты. Келерки жылы кїзїндє 35-38 сомдон саткан дыйкандар, кєктємдє тєє буурчакты 50 сомдон сатып жатышты.

Айрыкча 2013-жылы Кыргызстанда тєє буурчак болуп кєрбєгєндєй кирешеге айланып, килограммын алгач 65 сомдон саткан дыйкандар аягы 115-120 сомго чей-ин сатып чыгышты. Кыргызстан боюнча сєз жалаў Таластыктардын тєє буурчагы жєнїндє жїрїп жатты. Мурда айылдарга жеўил авто унаалар кошоктолуп келсе, эми 5-6 дан келип, алыскы, жакынкы тууган –туушкандар менен достордун бїйїрїн кызытты. Тєє буурчактын мындай жогору бааланышын єкїмєтїбїздїн жакшы иштегендигине баалагандар эми жалаў тєє буурчак єстїрїїнї дегдеп калышты. Андыктан єлкєбїздїн бир катар айылдарында тєє буурчак єстїрїї колго алынды.

Чындыгында баанын

жогорулашына

эмне себеп болгон?

Тєє буурчак боюнча дїйнєлїк рынокто баанын коюлушуна їлкєн мамлекеттер чоў роль ойнойт. Анткени, биздин єлкєбїздє єндїрїлгєн тєє буурчактын кєлємї аларга караганда болбогон эле кєлємдє болуп калат. Кытай, Аргентина, Тїркия, Египет сыяктуу єлкєлєр тєє буурчакты кєп єндїрїшєт жана алар аны кєп пайдаланышат. 2013-жылы Кытай, Бразилия, Аргентинада кургакчылык болду. Буга кошумча жазында Тїркияда їшїк жїрдї. Тєє буурчакты кєп экспорттогон Тїркия, тєє буурчакты ташып кирїїгє бажы пошлинасын алып салган. Тїрк туугандар биздин єлкєдє єндїрїлгєн тїшїмдїн кєпчїлїк бєлїгїн, дээрлик 40 миў тоннасын ташып алышкан. Бый-ыл жагдай такыр башкача болуп калды. Жылдагыдан кєп жерге тєє буурчак эккен биздин дыйкандарыбыз тєє буурчактын баасын кымбаттатууну Єкмєттєн талап кылып келишти. Быйылкы кургакчылык суунун тартыштыгы дыйкандарга жылдагыдай мол тїшїм алууга кедерги болду. Эч болбосо баасы жогору болсо, деген мыйзам ченемдїї суроо жаралды. Бирок, базар экономикасынын катаалдыгы аны эске албайт экен. Аргентина быйыл тєє буурчактан эў жогорку тїшїм алса, Египетте кышында жыйналган тєє буурчак да баанын тємєндєшїнє жол ачты. Дагы бир жагдай Тїркиялыктар єздєрїнїн дыйкандарын колдоо максатында 19,3 пайыздык бажы пошлинасын киргизди. Тєє буурчактан мол тїшїм алган кытайлыктар да чет єлкєдєн сатып алууга анчалык кызыкдар эмес.

Демек, дыйкандарыбыз эгин эгээрде тереў анализ жїргїзїп, кандай єсїмдїккє басым жасоо керектигин аныктап алышы зарыл экендигин моюндашы керек.

Дыйкандарыбыз єздєрї сезип, билип тургандай тєє буурчактан тїшїм алуу жылдан жылга азайып бара жатат. Мурда бир гектар жерден 2,5 -3 тоннадан тїшїм алышса, азыр 1,6- 2 тонна тїшїм алышат. Ошондой эле, єрєєндє кеўири тараган тєє буурчактын «лопатка» ылгамынын да, кєлємї кичирейип, тїсї саргыч тарта баштаганын айтып жїрїшєт. Демек, жердин кунарлуулугу азайып, жыл сайын бир гана тєє буурчак эгїїнїн кесепети тийип жатат. Бул биздин єлкєдє єндїрїлгєн тєє буурчактын сапаты дїйнєлїк рынокто тємєндєп жатат, деген кабарды берет. Ошондуктан, тєє буурчакты єндїрїїнї азайтып башка єсїмдїктєрдї єстїрїїгє багыт алышса болорлугун айтып жїрїшєт. Бирок, дыйкандарыбыз буга анчалык маани беришпестен, тєє буурчакка болгон баанын тємєндєшїнє гана кейип олтурушат. Андан кєрє айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен тыгыз иштешїїгє багыт алышып, алардын адистеринин эмгегине, кеўешине кулак тїргєндєрї туура болор. Єткєн жылдын катаал шартында дыйкандарга жакындан жардам берип, сугат иштерин бир кыйла жєнгє салып, айрым жерлерде тамчылатып сугарууга кємєкчї болгон министрликтин ишин белгилебей коюуга мїмкїн эмес.

Єткєн жылдын катаал сабактарын эске алган айыл чарба жана мелиорация министрлиги дыйкандарга жакындан жардам берїїнї кєздєп келет. Министрликте 2015-2019- жылдарга атайын концепция долбоору иштелип чыгып, иш чаралар белгиленїїдє.

Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев кыскача мындай айтып берди: - Биз айыл чарбасында жерди суу менен, жер семирткичтер менен камсыз кылгандан кийин гана дыйкандардын алган тїшїмдїїлїгїн кєтєрє алабыз. Бул маселени чечїї максатында биздин ишкерлер менен Кытай жергесине эки-їч ирээт барып, 600 миў долларга инвестиция алып келдик. Буюрса, єзїбїздє тамчылатып сугаруу техникаларын, тетиктерди чыгаруучу завод курулганы жатат. Бул долбоорду 2015-жылдын февраль айында ишке ашырабыз деген чоў їмїттєбїз.

Биз 25 жылдан бери табият суулары сиўген жердин єзїнїн катмарынын асылдуулугу менен эле тїшїм алып келдик. Учурда жердин азыктуулугу 2 эсе азайып кеткен. Эми жердин гумустук катмары 2,5 болсо, азыр 1,5; 1,8 эле, бир эсеге азайды. Биз жерге эч нерсе бербейбиз. Биздин жер-жемиштерге жер семирткичтерди бербесек, ал тїшїмдї жакшы бербейт. Ал эми биздин берип жаткан жер семирткичтердин кєлємї канча? 1 га жерге 200-150 кг эле жер семирткич бере алышат. Негизи 1 тоннага чейин бериши керек. Мына биздин ишкерлерди Кытайга алып барган учурда єз кєздєрї менен 1,5 тоннага чейин жер семирткич берген фактыларды кєрїп келишти.

Айтып отурсак, айыл чарбасын єнїктїрїї, їй-бїлєлїк фермерлердин талабын аткаруу, инвестиция тартып келїї боюнча абдан кєп иштер жїрїп жатат. Буюрса, Тїштїк Кореядан 40 млн. доллар келгени жатат. Ошондой эле, тамчылатып сиўиртїїчї жер семирткичтер боюнча 6 млн доллар келди дагы бюджетке залакасы тийбей турган 26 млн долларлык жеке инвестиция келип жатат. Анан жер семирткич чыгаруу заводу курулса, їрєндїк кайра иштетїї лабораториясы салынса жана агроминералдык завод ишке ашса, менимче, айыл чарбасында чоў єнїгїї жана єзгєртїї болот. Тїштїк Кореянын каржылоосу менен логистикалык борбор куралы деп жатабыз. Учурда Орусиянын Росинбанк тарабынан Бишкек-Чїй єрєєнїндє логистикалык чоў борбор курулуп жатат.

Айыл чарба министрлигинин аракети менен быйылкы тєє буурчакты сатып єткєрїї боюнча да аракеттер кєрїлїп жатат.

Министр Таалайбек Айдаралиев, Тїркиянын айыл чарба министрлигинин єкїлдєрї, Тїркиянын Кыргызстандагы элчилигинин соода иштери боюнча кеўешчиси Чагатай Єзден менен жолугушуп, сїйлєшїїлєрдї жїргїздї. Алар тєє буурчакты єндїрїї жана сатуу, аны кайра иштетїї жана маркетинг боюнча кыргыз –тїрк биргелешкен ишканасын ачуу жана Тїркия Єкмєтї киргизген импорттолгон тєє буурчакка карата бажы салыгын алып салууну сїйлєштї. Тєє буурчактын баасын аныктап туруу їчїн Кыргызстанда биржа тїзїї, тєє буурчакты айыл чарба техникаларына алмашуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ал эми, Премьер-министр менен бирге барган делегация Орусияга 30 миў тонна тєє буурчак сатып алуу єтїнїчї менен кайрылды. Ошол жолугушууларда Кыргызстан-Орусия мамлекеттер аралык биржа тїзїї маселеси каралды. Тєє буурчакты жыйноого ылайыкташкан 20 комбайн алынып келинди. Кыргыз ишкерлери їчїн эки МТС тїзїї каралды.

Жаўырган жылыбызда дыйкандарыбыздын эмгегин сая кетирбей їзїрїн кєрїшї їчїн, биргелешкен аракет, жаўы технологиялар жардамга келерине ишенелик.

Нуржамал Курманкулова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...