Акыркы макалалар

Чабандес” сейил багы жаңыланат

Чабандес” сейил багы жаңыланат

Нарын шаарында “Чабандес” сейил багы Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата реконструкциядан ɵткɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматы билдирет.

Эки айлык ишембиликтин алкагында Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери учурда толук жаӊылануу иштери жүрүп жаткан сейил бакка ишембиликке чыгышты.

Анда буга чейин ички жумуштарды аткарып жаткан шаардык жашылдандыруу мекмесинин жумушчуларына мэриянын кызматкерлери тазалоодон кийин чыккан таштарды, курулуштун таштандыларын чыгарып техникага жүктɵɵгɵ, арык казуу иштерине жардам беришти.

Маалымат үчүн айтсак, аталган паркка 36 карагай жана 12 арча-туя бактары март айында отургузулду, ошондой эле жакында 20 жергиликтүү карагай отургузуу жагы күтүлүүдɵ.

Мындан сырткары, 496 миӊ 853 сомго сырткы тосмосун толук жаӊыртуу жана Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата монумент орнотуу иштери аткарылат. Учурда монументтин эскизи такталып, ага кетчү чыгымдардын баасы аныкталууда.

Ошону менен бирге отургучтарды, түнкү жарыктарды, таштанды салчу урналарды орнотуу, жайгаштыруу иштери да жүргүзүлɵт.

Белгилей кетсек, МДС аймагындагы сейил бак миллион сомго чукул акча каражатына жаӊыланып, 9-майда ачылышы ɵтɵт

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...