Акыркы макалалар

Бишкек-Ош шаарларындагы ички мигранттар каттоого алынат

Ош, 7-апрель /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Ош жана Бишкек шаарларынын депутаттары бул шаарларда иштеп жүргөн ички мигранттарды каттоого алуу боюнча демилге көтөрүшүүдө. Анда ар бир жарандын жашаган жери катталып, алардын саны такталат. Эл өкүлдөрү бул аракети менен ички мигранттардын медициналык, социалдык жактан справка алууга шарт түзүлөт дешет. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Арфидин Аланов билдирди.

“Мурун СССР убагында паспорт менен кайсы шаарда турганы тууралуу жарандардын атайын баракчасы болчу. Кийин мамлекеттик каттоо кызматына өткөндөн кийин бул нерсе жоюлуп кетти. Азыркы убакта мигранттар каттоого турбай эле иштеп жүрүшөт”,-дейт А.Аланов.

Аталган шаарлардын депуттары ички мигранттарды каттого алуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш даярдашууда. Сунуш ишке ашса, ички мигранттар үчүн убактылуу катталгандыгы жөнүндө баракча берилиши мүмкүн. Анда ички мигранттардын саны такталып, ага жараша ар тармактан шаар тургундарын акча бөлүнгөндө бюджеттен ошого жараша каралат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...