Акыркы макалалар

Айнекти ундай чайнаган караколдук балбан Гиннес китебине кирүүгө камданууда

Айнекти ундай чайнаган караколдук балбан Гиннес китебине кирүүгө камданууда

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 20 жаштагы тургуну Ринат Түлөбаев жердештеринин арасында "экинчи Ташчайнар" (балбан Нурлан Алишеровдун каймана аты) атала баштады. Ал Каракол шаарындагы борбордук аянтта беш унааны бири-бирине чиркештирип алып 30 метр жерге чейин тиши менен сүйрөп барып элди таңкалтырды. Жаш балбан менен ысык-көлдүк кабарчы Шейшекан Жаналиева маектешип "Кабар ордого" бул маекти жөнөттү.

-Ринат, кандайча айнек чайнап, өзүңдүн салмагыңдан алда канча оор автоунааны сүйрөп калдың? Өнөрүңдүн сыры эмнеде?

- Тишиме жука жыгачты тиштеп алып алдыңкы автоунаага байланган жип менен салмагы 30 тоннага барабар келген 5 автоунааны сүйрөгөнүмдү караколдуктар өз көздөрү менен көрүштү. Бул алгачкы ийгилигим эмес. Буга чейин да өтө татаал, керек болсо өмүрүмө коркунуч жараткан, карап тургандардын жүрөк үшүн алган тюрктарды да жасап жүрөм. Алсак, айнекти нан чайнагандай эле майдалап чайнайм. Башыма таш, темир койдуруп жатып аларды балта менен менен сындыртам. Арматураларды жибектей чоюп ийилтип, денеме учтуу зымдарды оройм, айнектин үстүнө жумшак төшөктө жаткандай кебелбей дене боюмду жазып, 10-15 досумду эч кыйналбай көтөрүү жөндөмдүүлүгүм бар. Алар менин өнөрүмө таң калышат, кээ бирөөлөр кадимкидей эле коркушат.Кандай сыр бар экенин өзүм да билбейм. Бир күч колдоп жүрөт го деп ойлойм. Ал эмне болгон кудурет аны чечмелеп берүүгө азырынча акылым жетпейт го. Түш көргөнүм эсимде. Калай чаканы камырдай ийлеп жатыптырмын. Бир билгеним ушул.

-Бул өнөрдү качантан бери эл алдына алып чыгып жатасың?

-2012-жылдан бери күчүмдү сынап, өнөрүмдү багып келе жатам десем болот. Бирок эл алдына чыкканыма аз эле убакыт болду. 20-30 тонна келген автоунааларды тишим менен сүйрөгөндөн кийин чарчап, алсырап бир күн кечке турбай жатып калам. Бирок эртеси эч нерсе болбогондой досторум менен жүрө берем. Менде бир касиет болуш керек. Таэнем да, энем да ушинтип айтышат. Алар "көз, сөз тийбесин, абайлап иш кыл. Өтө эле дердеңдеп мактанып кетпе, күчүңдү ая, башыңды жардырып, белиңди мертинтип алба",-дешип кан какшашат. "Макул" деп коем, бирок алардын айткандарын тез эле унутуп калмай жаман адатым бар.

-"Ташчайнар" деген каймана аты бар Нурлан Алишеровдой болоюн деген максатың барбы? Ал кишини жакындан тааныйсыңбы?

-Мени дагы экинчи "Ташчайнар" деп атай башташты. Албетте, буга сыймыктанам. Бирок Нурлан байкемдин касиети өзүнө, меники өзүмө буюрсун. Анын өнөрүн кайталайын, же уурдап алайын деген ойдон алысмын. Кээ бир тюрктарды мен андан алда канча кыйын өздөштүрдүм десем болот. Ооба, аны жакындан тааныйм. Нурлан байке Караколго келип кеткен, биздин үйдө конокто болушкан. Аны менен Бишкекте 8 айга жакын чогуу жүрдүм. Жараткан ар бир адамга ар башкача өнөр тартуулайт тура. Жаныбек Алыкуловдой куудулдар чыгаарына ишенем, бирок эч кимиси "Шорподой" боло алышпайт. Мен "Ташчайнардай" боло албайм, бирок андан озуп кетүү оюмда бар. Бул атаандаштык эмес, алдыга койгон максатым.

-Гиннестин китебине кирем деген чоң максатың да бар экен...

-Мен орто мектепти аяктап, классташтарым жеткен аттестат алган эмесмин. Болгону 4-классты бүтүргөм. Атасыз өстүм, мага тарбия берген таэнеме, таэкелериме, таажеңемдерге карыздармын. Апамдын жалгыз иштеп тапканы агам Алберт экөөбүзгө араң жетчү. Азыр апам ден соолугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Бала чагымдан бери турмуштун оор сыноосуна бышып келе жатам. Классташтарымдан, чогуу ойногон досторумдан далай жолу шагым сынып, көңүлүм калган. Алардын ур-токмогуна да кабылгам. Ызага батып, көз жашымды тыя албай жалгыз калган күндөрдө "мен сөзсүз силерди артка калтырам, өчүмдү алам, атак-даңкка ээ болом",-деп эрдимди кесе тиштеп калар элем. Атактуу болгону кыялданчумун. Буюрса, ошол кыялдарым четинен ишке ашып жатат. Бишкектиктерге анча-мынча болсо да таанылдым, Караколдогу драма театрда оор тюрктарды жасадым.

-Ринат, атактуу болуш үчүн билим керек. Талантты таптай билүү зарыл. Курулай атак-даңкка жетем деп таэнең, апаң айткандай белиңди мертинтип алам деп коркпойсуңбу?

-"Балбан билек болуш үчүн бой-келбет, күрөктөй кол, боксерлордой булчуң керек. Сенин болсо боюң анча узун эмес, булчуңдарың деле жок. Башкалардан эч айырмаланбайсың" дегендерди угам. "Кожомкулдай балбан болом" дегенимди шылдыңдагандар жок эмес. Кожомкул өз заманын балбаны болсо, мен өз заманымдын балбан билек жигитимин да. Туура, билим керек. Атак-даңкка баары бир жетем. Азыр менде мындан башка максат жок. "Жаштын тилегин берет" дейт таэнем менен апам. Тилегимди ишке ашырып, энеме өзү каалагандай үй сатып берем.

Эл алдына чыккандан коркпойм, тескерисинче кубанам. Сөзсүз өзүмө аяр мамиле жасайм. Коркуу сезимине жеңдирсем, анда досторума уят болуп, намысымды алдырам да. "Өзүңө ишен!" деп акыл айтып ак батасын бергендерге ыраазымын.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...