Акыркы макалалар

Жалал-Абадда жаштардын жөө жүрүшү өттү

7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата бүгүн Жалал-Абад шаарында жаштардын жөө жүрүшү болду. Бул тууралуу аны уюштурган облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Ден-соолукту чыңдоо комитетинин адиси Назгүл Назарова билдирди. Акцияда жүздөн ашуун улан-кыз ак халат кийип, саламаттыкты сактоого үндөгөн жазуулар менен калаанын Ленин көчөсүнөн борбордук аянтты көздөй келишти. Аянтта калаа тургундарына оюн-зоок тартууланып, ден-соолукка кам көрүү боюнча адистердин сунуштары айтылды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...