Акыркы макалалар

Таласта түнөк борбору ачылат

Талас облусунда убактылуу түнөк борборун ачуу пландаштырылып жатат.

Бул тууралуу Талас шаарынын мэринин орун басары Жаныбек Исраилов: «Биз үй-жайсыз адамдарга убактылуу түнөк борборун ачуу максатында 2012-жылдын аягында жергиликтүү кеңештин депутаттарына сунуш менен кайрылганбыз. Бирок депутаттар имарат маселеси чечилсе андан ары ишти кароону сунуш кылышкан. Азыркы күндө облусттук оорукананын эски имараты караштырылган, бирок колдонууга жараксыз болгондуктан маселе чечиле элек»,- деди. Эгер борбор ачылса ал жакта үй-жайсыз жарандар алгачкы медициналык жардамдарды да алышмакчы.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Талас шаарында азыркы күндө үй-жайсыз адамдар каттала элек. Ал эми расмий эмес булактардын айтымында, автобекеттерде, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жашаган жарандар бар. Жеңишгүл Тоголокова

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...