Акыркы макалалар

Муратбек Мукашев, “Тачкист”

Муратбек Мукашев, “Тачкист”

Бул мындан көп жылдар илгери болгон окуя. Мен анда Жогорку Кеңештин депутаты элем. 2005-жыл болчу. Айына бир жолу шайлоочулар менен жолугушуп – кабыл алып турчумун.

Ошондой күндөрдүн биринде менин кабыл алуума жашап калган бир аял келди. Келип эле: «Акча бербесеңиз болбойт, 3-курста окуган баламдын контрагы төлөнбөгөндүктөн, институттан айдаганы жатышат» деп ыйлап жиберди. Менде кимдин каяктан экендигин сурай билбеген адат бар. Тек гана сыпайыгерчилик кылып: «Ой, эже, балаңыз кайсы мектепти бүттү эле?» десем: «Баткен областынын борбору Баткенден орто мектепти бүткөн. Бул жакка жашоо-турмуштун айынан 2003-жылы көчүп келгенбиз» деп жөн-жайын айтты. «А канча балаңыз бар?» деп сурасам: «Үч уул, бир кызым бар» деди. «Алиги контракт менен окуганы улуу балаңызбы?» десем: «Ооба, улуусу. Андан кийинки экөө «Дордой» базарында тачкист болуп иштешет» дейт.

Абдан таң калдым. Көрсө, рынок заманында көчөдөн бирөөнүн жүгүн ташып күн көргөндөрдү «тачкист» деп коюшат турбайбы. Мындайча айтканда, андайлар кол араба – тачка түртүп акча тапкандар.

Ошол жерден дагы бир ойго келбеген кызык болду. Мен тиги аялды «Эже» деп жатсам, ал менден кичүү болуп чыкты. «Кайдан эже болом, карындаш дебейсизби» деп кайра уяткарып койду. Элет жеринде өткөн зайыптык турмушунун оордугу, көп бала өстүрүү түйшүгүн чыдап көтөргөн убаракерчилиги, баягы ылакап кепке айланган «Кыргыз аялдары бат карышат, бирок узак жашашат» деген сөздүн өзүндөй эле, бет маңдайымда отурган менден кичүү, бирок бир топ улгайыңкы, жүдөңкү көрүнгөн аялдын кебете-кешпиринен жүрөктү мыкчылткан аяныч менен кандайдыр таанып болбогон жашоо чындыгы көз алдыга тартылды. Анда окуу акысы азыркыдай 30 миңге чыга элек кези эле, менден 15 миң сом сурады. Айтылган сумманы колуна карматсам, жалынып-жалбарып: «Батамды берейин, өмүрлүү болуңуз, айланайын» деп жатпайбы. «Ой, өзүңүз менден кичүүмүн деп жатсаңыз да, анан «айланайын» дегениңиз кандай?» деп тамашалап күлдүм.

Союз тарагандан кийин, бардык жердегидей эле Баткенде да менчиктештирүү процесси башаламан жүрүп, элдин жашоо абалы аябагандай кыйындап кеткенин айтып берди. Ѳрүкзар мекени катары даңкталган жерде атүгүл өрүктөрдү да бир түптөн бөлүп алышыптыр. Анан ошол жылы кыш катуу болуп, отундун жогунан өрүктөрдүн көбүн балталап кыйып жагышыптыр. Мектепте окуган балдарына кийим-кечек, калем-дептер дегендер керек, бул жагынан да бечара баткендиктер абдан кыйналышкан. Ичкен тамаш-аштары өп-чап.

«Ой, эже, – деп, кайра эле «Эже» деген сый менен сөзүмдү уланттым, – мен силердин жерди билем. Дегеле жаман жер, жаман эл деген болбойт, жериңер да, элиңер да жакшы. Мен кезегинде Ошто иштеп, түштүк элинин далай мертебе даамын татып калгам». Анда тиги аял: «Ошол Ошто иштегениңизди билип келип жатпайынбы. Мен сизди тааныйм. Бир жолу чогулушка келип, сизди ошондо көргөм. Мен ал кезде керек-жарак кооперациясында иштечүмүн», – деди.

Алардагы чек арага жакын Самаркандек деген айыл тууралуу сураштырдым. Ошол мезгилде тажиктер менен жер талашы күчөп, Сох, Ворух маселелери чыгып, кырдаал оор болуп турган. Самаркандек айылы чек арачылар тарабынан көзөмөлдөнүп, ал жакка баруу да, адамдык алака-катыш менен кабар алуу да татаал болуп калганын баяндады.

Ырыстуу болсун деп атын Рысмат койгон экинчи уулу «Дордойдо» иштейт экен, анын тачка тартып үй-бүлөсүн бакканына кызыкканымды сезип, үч күндөн кийин ошол Рысматты жана улуу баласын алып келмей болду. Ошону менен коштоштук.

Айтканындай эле үч күндөн кийин келишти. Улуу баласы узун бойлуу, татынакай жигит экен. Ал эми Рысмат жапалдаш бойлуу, кол-булчуңу чымыр, шорта, «Адидас» бут кийимин кийип алган. Болгону 8-классты эле бүткөн. Жашы 15те.

Эми айтып отурса, тачкисттердин турмушу башка дүйнөнүн чындыгындай болуп көрүнгөн өзүнчө эле кызык таржымал. Кыргызда мындай курактагыларды «кабыргасы ката элек, боконо сөөгү ката элек» бала деп коет эмеспи, жаштыгына карабай бел майыштырган кара жумушка аралашканына бооруң ооруп, аяйсың да, анан таң каласың. Жүнү тирүү эмгекке бышкан бала экени көрүнүп турат.

Рысматтын сөзүн бөлбөй кунт коюп уктум.

«Таңкы 3.30да ойгонуп, 4тө базарда болом, – деди ал. – Базар саат 5те жанданат. Дал ошол убакта бригада-бригада болуп күтүп турабыз да, өзүбүзгө чектелген катардан товар сатып алган оптовиктердин жүгүн ташып жеткире баштайбыз. Андай дүңүнөн соода кылгандар – оптовиктер Казакстандан, Ѳзбекстандан бери келишет. Жүктөрүн четке токтогон машинасына чейин жеткирип, жүктөп да беребиз. Бир «рейске» 50 сомдон кем төлөшпөйт. Бирок, таңгак-таңгагы менен очойто салынган жүктөр кыйла эле оор болот. Кечке ушинтип тынбайсың. Дем алыш деген болбойт. Үйгө кичине болсо да үнөмдөп барайын деп, тапкан тыйынды аяп, чай, нан менен тамактанасың. Ичкилик ичүү деген жок. Тамекини 7-класста экенде чегип көрдүм эле, бирок таштап койдум. Базардын базардай стихиясы менен мафиясы болот экен, ушул ишимде иштеп жүрүп көп ыза көрүп, көп таяк жедим. Бир сөз менен айтканда, кулдун эле жумушун аткарып жатабыз. Ѳзүмдүн менчик тачкам жок, кожоюн – бригадирибиз берген эски, эпсиз тачканы сүйрөмөй. «Дордойдун» жанында «Алкан» базары ж.б. базарлар бар, аларда иштеген тачкисттердин турмушу деле биздикинен өөдө эмес. Аларда деле атаандаштык, анан, эң жаманы – түндүк, түштүк деп бөлүнүүчүлүк бар. Ошентип, жакшы тапкан күнү колго 400 сом тийсе, анын «майлуу» бөлүгүн бригадирибизге төгүп беребиз. Тачкасы, иш орду менен камсыз кылганы, жалпы көзөмөл жасаганы, мафия өңдөнгөн түрдүү текшерүү жана кол салуулардан сактаганы үчүн. Антпесең, базарда жалгыз иштей албайсың. Ар кимдин ошондой өз «крышасы» – кожоюну болгон сыяктуу эле, катуу тартип, бекем эреже менен белгиленген «маршруту» жана иш өзгөчөлүгү бар. Маселен, бирөө жалаң бут кийим ташыса, экинчиси – жашылча-жемиш, дагы башкалары – курулуш материалы же идиш-аяк ташыйт дегендей. Ѳзүң тейлеген жерге бөлөк топтогуларды киргизбейсиң, алар да ошондой кылышат. Анан, ооруп же кандайдыр бир себептер менен ишке чыкпай калсаң эле, ордуңду башкалар ээлеп кетет. Бул жагы да абдан опурталдуу. Ошентип, үйгө түнкү 11де келем. Топтогон акчамды апама берем, ал аны квартира акысы, тамак-аш, кийим-кечек ж.б. керектөөлөргө үлөштүрөт. Жаздыкка башым тиери менен эч нерсени сезбей катуу уктайм. Күн сайын ушундай. Көңүлүңдөн качан болсо: турмушубуз эл катары өтүп, агам да институттагы окуусун үзгүлтүккө учуратпай, ийгиликтүү бүтүп алса деген ой кетпейт. Ал үчүн баардыгына кайылмын. Эгер ишенсеңиз, Баткенге да 3 жылдан бери бара элекмин, өрүкзардын гүлдөгөнүн, Кара-Булакта тоо боорунда өскөн керемет Айгүл гүлүн сагындым, байке…».

Рысматтын аңгемеси мени көпкө ойлонтту. Бала кезде чет өлкөлүк кинолордон гезит саткан, бут кийим тазалаган, суу ташыган, араба сүйрөгөн, мал кайтарган – эптеп жан багуу үчүн кожоюндардын көзүн карап жумуш кылган кедей балдарды көрүп алып, ишенбегендей таң кала берчү элек. Эми, мына, ошол мерез жандуу капиталисттик дүйнө – өз жашообузга, өз балдарыбызга келди.

Кандай десек да, биз – советтик доордун балдары, бактылуу жашаган экенбиз. Ата-энебиз, мамлекет бизди эркелетип өстүрүп, эртеңки күнгө ишенимдүү каратып, эч нерседен кем кылышкан жок. Бала төрөлгөндө эле медициналык жана социалдык камкордуктарга алынып, ясли, бала бакча, даярдоо класстары дегендер иштеп, анан мектепке барганда октябрят, комсомол болуп, бой жеткен кезинде, кандай чөйрөдө чоңойгонуна карабай, училище, техникум, институттарга кирип, жатаканада жатып, стипендия төлөнүп, акысыз жакшы билим алып чыкчу эмес беле. Ал эми азыр болсо, эң биринчи кезекте, тигинтип кара курсактын камы…

6-класста окуп жүргөн убагымдагы бир окуя эсиме түшөт. Мен анда борбордогу №48-орусча мектепте окучумун. Бир күнү эле Франциядан меймандар келет деп калышты. Силердин сабагыңарга кирет, жакшылап даярданып, советтик мектептин балдары кандай окуй турганын далилдеп көрсөткүлө деп үгүт жасап, кызуу камылга көрүштү. Белгиленген күнү меймандарды Кыргызстандын элге билим берүү министри Абдылда Каниметов баштап келди. Көрсө, тигилер капиталисттик Франциянын компартиясынын органы – «Юманите» гезити тарабынан жиберилген – орус тилин СССРде окутуу тажрыйбасын үйрөнүүнү каалаган жаш мугалимдер экен.

Сабак уланып жатты. Класста 30 бала болсо, анын алтоо кыргыз эле. Күн мурун атайы программа түзүп, байгеге чабылчу аттардай катуу даярданышканы, мыйдайча айтканда, тандалган теманы жадыбал сыяктуу жаттатышканы мага негедир жакпай калды. Демейде өтүлгөн сабакты табигый мүнөздө эле жүргүзсө болбойбу деген ой келди. Балалык «кырсыкты» карабайсыңбы. Анан, колониялуу мамлекеттин атуулдары болгон француздар бул жерде отурган жергиликтүү элдин балдары – кыргыздар кандай окуйт болду экен деп таңыркай караганда эле, мугалимибиз мыкты окуучу катары мени тургузуп, сурап кирди. Баягы жаттаган нерсемди такылдап айтып берип бүтүп эле, ошол жерден буларга бир «хохма» – тамаша көрсөтүп коеюн деген бүтүмгө токтодум. Анын кызыгы мындай. Сын атоочтун салыштырма даражасы деп коет, эгер андай болгондо, ар кандай түстөгү нерсени ошого жакын турган сөз менен – салыштырылган түрүндө айтуу керек. Маселен, орусча: белый – белее, красный – краснее, желтый – желтее ж.б. дегендей. Булардын кыргызчасы: ак – агышыраак, кызыл – кызылыраак, сары – саргычыраак. Анан эле мугалим ушундай тартипте мисал келтирчи деп мага караганда, мен: дерево – деревнее, железо – железнее деп айтып жатпайынбы. Мугалимдин өңү ошол замат кубарып кетти. Атайы жиним келип ошенткенимди кайдан билсин. Тигилер бул «хохманы» сездиби, сезбедиби – ал жагын айта албайм. Франциянын өз колониялары бар, бизди – кыргыздарды деле ошондой колониядагылар деп ойлоп калышты го деген ой келди мага. Ошону менен мугалим мени кайталап сурабай койду. Бирок, сабактын аягында наречие -тактоочко мисал келтирүү тапшырмасы берилип, ага жооп берүү үчүн ордумдан турдум. Орус тилинде шуулдама үнсүз тамгадан кийин жумшартуу белгиси коюлбай айтылган үч эле тактооч сөз бар. Мен болсо, ошондой эрежени эске алуу менен: «Уж, замуж, невтерпеж» – «Эрге чыгуу көздөн учат», – десем баардыгы каткырып күлүп жиберишти. Сабактан кийин министр А. Каниметов жаныма келип, эмне үчүн ошентип айтканымды сурады эле: «Эми булар бизди колония сыяктуу көрүп жатышпайбы» деп жооп бердим.

Бул окуяны эске алып жатканым, биздин балалык учурда кандай гумандуу кырдаал өкүм сүрүп, өзүбүздүкүлөр түгүл, алыскы капиталисттик өлкөлөрдөн келгендерге да «кыр» көрсөтүп сүйлөгөн кандай артыкчылыгыбыз болгондугун белгилеп коеюн деген ой көңүлүмө түштү.

Ошентип, арадан эки жыл өттү. Ѳзүм «Дордой» базарына көп деле барбайм, бирок, бир күнү ошол базарга баш бага кетүүнү чечтим. Аралап баратсам эле, капыстан: «Мурат байке, Мурат байке!» – деп кыйкырган үн чыгат. Карай калсам – баягы тачкист Рысмат. Кебете-кешпири абдан өзгөргөн, бою өскөн, өзү 17 жашка келип, кийингени башкача – турмушу кыйла оңолуп калганы көрүнүп турат.

Ал-жай сураштырсам: «Баягыда сизге айтпадым беле, байке, өз бутума өзүм турам деп. Иштеп жүрүп жаңы тачка алып, 4-5 баладан өзүнчө топ курадым. Азыр мен алардын бригадиримин. Мурдагыдай жумушка таңдан туруп келбейм. Ишти бөлүштүрүп берем да, сыртынан көзөмөл жасайм. Мактанычым ушул: мен адилеттик бекем сакталган бригаданы түздүм, балдардын эртең мененки жол акысын төлөп, бир маал ысык тамак берем, бизде алдоо, куйтулануу же бири-бирибизге ишенбөөчүлүк деген болбойт», – деди.

Карамагындагы тачкист балдар менен тааныштырды. Арасында Рысматтын өзүнөн улуулары да бар. Жакшы иштеп, жакшы табышат. Ошондой болсо да, «Дордой» базары болобу, «Ош» базары же башка толгон-токой профилде иштеген базарларда болобу – бардык эле жерде кол араба – тачка түртүп акча тапкандардын оор жана суктанычтуу эмес кесип машакаты мурдагыдай эле – анча өзгөрүүсүз кала бергендигин айтууга болот. «Айылдан келип, жан айласы үчүн тачкист болгон балдарды көрүп туруп, аябагандай боорум ооруйт, байке», – деди Рысмат.

2007-жылы мага «Эже» болгон апасы ырахмат айтканы келиптир. Тун уулу окуусун ийгиликтүү бүтүп, Рысматын болсо, акча сураган ким бирөөлөр сабап кетип, догдурга жатып жакшы болуп чыкканын сөз кылып отурду.

Адамдык жакшылыкты унутпай, эсинде сактап жүргөн беш баланын энеси – тачкист Рысматтын апасын дагы бир жолу өзүм байкабай «Эже» деп алдым…

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...