Акыркы макалалар

МАМЛЕКЕТҮҮЛҮК САКТАЛЫП КАЛГАН

Нарын шаардык тез жардам бөлүмүнүн дарыгери, Апрель элдик революциясынын баатыры Айбек БАЙБЕКОВ:

«РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗ УЧУРУНДА БОЛГОН...»

- Апрель революциясын ишке ашыруу менен биз эмнеге жетише алдык, революция өз максатына жеттиби?

- Революция өз учурунда болду, болбогондо Бакиев азыр Кыргызстанда репрессия жүргүзүп, монархиядан жогорку бийликти, тоталитардык режимди орнотмок. Биз болсо азыр кул болуп калмакпыз. Бакиев атчусун атты, качырганын качырды, канчалаган эбегейсиз байлыктарды алып чыгып кетти. Эми революциядан кийинки беш жылда албетте көп реформа кылсак болмок. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө реформа жакшы жүрбөй атат. Коррупция менен күрөшүү жакшы жүрүп келди, бирок акыркы жыйынтыгы начарыраак болуп калды. Канчалаган адамдардын коррупциялык схемасы ачыкка чыгарылып атат, бирок акырында эле соттор актап коюп атышат, ал эми кармалгандардын көбү эле бошонуп алып көчөдө жүрүшөт. Сот системасын оңдобосо, келечегибиз бүдөмүк бойдон калууда. Коррупция менен канчалык күрөшкөнүбүз менен соттор бошотуп коё берсе, бул да адамдардын психологиясына таасирин тийгизбей койбойт. Революцияны ишке ашыруу менен биз көп нерсеге жетиштик, биринчиден Парламенттик системаны орноттук, жакшы Президентти шайлап алдык. Экинчиден, жамандыр-жакшыдыр коррупция менен күрөшүп жатабыз, үчүнчүдөн стратегиялык маанидеги обьекттерди бүтүрүп, энергетика боюнча, жол транспорт жаатында, темир жол боюнча долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Мындан сырткары, Ош коогалаңын токтото алдык, айлык маяналар аз да болсо көтөрүлдү. Ушунун бардыгы революциянын жетишкендиктери.

Апрель элдик революциясынын баатыры, Нарын облусунун, Нарын шаарынын Ардактуу Атуулу

Жыргалбек ЖУСУБАКУНОВ:

«МЕН ӨЗҮМДҮ БААТЫР СЕЗБЕЙМ, МЕН МЕКЕНИМДИН - ПАТРИОТУМУН!»

- Апрель революциясын ишке ашыруу туура чечим беле, беш жылдан соң биз эмнеге жетиштик, эмнеге жетпей калдык?

- Биз мындан беш жыл мурун революция жасаганбыз, себеби, «Ак-Сай», «Арпа», «Жетим тообуз» сатыла турган болуп, электр энергиясы кымбаттаганда, светтин акчасын төлөй албай кыйналганыбыздан чыгып, революцияны башыбыздан өткөрдүк. Бүгүнкү күндө мен өзүмдү баатыр сезбейм, мен өзүмдү Мекенимдин патриотумун деп айта алам, себеби биз Кыргызстандын келечеги үчүн, жашообуз жакшырат деген үмүт менен чыкканбыз. Революция максатына жеттиби дегенде менин айтаарым, Алмазбек Атамбаевдин жасаган иштери алгылыктуу болууда, бирок, ал жалгыз болуп атат. Учурда өлкөдө Парламенттик башкаруу болгондон кийин Өкмөт көп нерсени чечип, Президентке аз укуктар берилип калган. Мындан сырткары, 120 депутатты багыш кыргызга кыйын болуп атат. Ошондуктан бизге Парламенттик башкаруунун кереги барбы же жокпу, андан көрө күчтүү Президент башкарганы туура болот беле деген оюм бар. Албетте, жакшы иштер арбын, Датка-Кемин курулуп атат, РусГидро аркылуу ГЭСтер курулууда, чет мамлекеттер менен жакшы алакалар түзүлүп, бир топ жакшы иштер ишке ашууда.

- Апрель элдик революциясынан берки беш жылда Сиздин саясий көз карашыңыз өзгөрдүбү, Аида Салянованын ишенимдүү адамы катары, эгер ал бийликке каршы чыкса кайсы жээкте болосуз?

- Аида Салянова баш прокурор болуп тургандан бери колдоп келатабыз. Азыр ал «Күчтүү Кыргызстан» деген саясий партия түздү. Мурун көзүбүз түз болуп иштешип келгенден кийин эл менен жолугушууларын уюштуруп бердим. Бүгүнкү күндө Аида Салянова Атамбаевге каршы чыкпайт. Ал болгону партия түздү. Максаты - күзүндө парламенттик шайлоого катышуу. Бүгүнкү күндө мен А.Атамбаевдин саясатын толук колдойм жана башка жээкке секирейин деген оюм жок.

Апрель элдик революциясынын Баатыры, Нарын облусунун Ардактуу Атуулу Кенжегүл Сатыбалдиева:

«...МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮБҮЗДҮ САКТАП КАЛДЫК»

- Бүгүн Апрель революциясына кандай баа бересиз?

- Апрель революциясына минтип беш жыл толуп олтурат. Ушул мезгил аралыгында мамлекетибизде көп өзгөрүүлөр болду. Ошондуктан апрель революциясына беш жылдан кийин баа берип жатып, ошол кезде туура чечим болгон деп айта алам. Анткени, Бакиев тарабынан жер суубуз, кен байлыктарыбыз сатылып, мамлекеттик стратегиялык обьекттер менчиктештирилип, сатылуу коркунучунда болуп калган. Апрель революциясында биздин эң башкы максатыбыз- Бакиевди кетирүү болчу. Дагы бир башкы көйгөйүбүз-электр энергиясынын тарифтеринин кымбатташына каршы чыкканбыз. Албетте, бүгүнкү күндө айтылып атат «эмне үчүн 1сом 50 тыйын болгондо Бакиевди кетирип, 2сом 05 тыйын болгондо унчукпай атасыңар деп». Себебин өзүңүздөр көрүп атасыздар. Бакиевдик башкаруудагы убак менен азыркы күндү салыштырсак, беш жыл аралыгында биздин социалдык ал-ахвалыбыз бир топ эле жакшырды деп айтсак болот. Дегеним, бюджеттик мекемелерде эмгектенгендердин, мугалим, дарыгерлердин, аскер кызматындагылардын айлыктары көтөрүлдү, алар үчүн турак жайлар курулду. Эгерде ошол кездеги бийлик кетпей турган учурда биз өзүбүздүн көз карандысыздыгыбыздан айрылып калмакпыз. Өзүбүздүн кыргыз деген атыбыз өчүп, башка мамлекетке кошулуп же башка мамлекетке кул болуп калуу коркунучу жарала баштаган. Биз апрель революциясы менен өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...