Акыркы макалалар

ДИН ТААНУУ, ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

ДИН ТААНУУ, ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

Жакында “Дин таануу жана диний билим берүү чөйрөсүндөгү маселелер” деген аталышта Нарын шаарындагы облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын залында облустук симпозиум болуп өттү.

Симпозиум 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган. Алгач диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, анын Нарын облусунда аткарылышы жана жалпы эле дин жаатындагы маселелер туурасында видеотасма көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов сөз сүйлөп, облустун алкагында диний багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымдады. Өз кезегинде диний уюмдардын, ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн аткарып жаткан иштерине симпозиумга катышкан Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Абдырахман Маматалиев баа берип, бул жаатта натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду. Анын маалыматында, учурда өлкө боюнча үч миңден ашык мечит бар. Диний көз караштарда карама-каршылыктар пайда болууда. Айрым имамдар тескери саясат жүргүзүп, Сирияга барууга үгүттөгөн учурлар далилденген.

Ошондой эле, Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д.Өмүралиеванын айтымында, жыл сайын өлкө боюнча диний билим берүүчү жайлардын саны өскөнү менен дин боюнча көйгөйлөр да кошо көбөйүп жатат. Анткени, жогорку билимдүү кесипкөй адистер жок. Анын “Өлкөдө бир да диний окуу жай сертификатка ээ эмес, мамлекеттик лицензиясынын жоктугунан, жогорку окуу жайлардын тизмесине кирбей жатат” деген пикирине Кыргызстан мусулмандарынын азрети муфтиятынын диний окуу иштери боюнча бөлүм башчысы Акимжан Эргешов ажы толук кошулбайт.

Симпозиумда облустун ар кыл булуң-бурчтарынан келишкен дин кызматкерлери, мугалимдер, имамдар баш калаадан келген өкүлдөргө мектеп менен мечиттердин ортосундагы мамиле, коомчулуктагы адеп-ахлак маселелери, мектептеги кыздардын хиджаб кийүүсү, мечиттерде электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн коммерциялык баасы жана имамдарга айлык маяна чектелип берилбегендиги өңдүү бир катар көйгөйлүү суроолорду берип, жооп ала алышты. Соңунда Кыргызстандын калкына теңиртоолуктардын үндөөсү кабыл алынды.

Гезитибиздин келерки санында Нарын облусунда 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында окурмандарды кеңири тааныштырабыз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...