Акыркы макалалар

Республикада дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер 11-марттан тартып берилүүдө

Бишкек, 2-апрель /Эмилбек Момунов-Кабар/. Республикабыздын дыйкандарына, фермерлерге жана кайра иштетүү тармагындагы ишкерлерге “Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттер мамлекеттик “Айыл-Банк”, РСК-Банк жана башка коммерциялык банктар аркылуу КРнын Өкмөтүнүн 11-мартындагы №113 токтому чыккандан тартып берилүүдө. Бул тууралуу КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айыл чарбасына быйыл жеңилдетилген кредиттер үрөнчүлүк, мал чарбасы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, уруктандыруу жана айыл чарба кооператив тармагында иш жүргүзгөндөр үчүн берилүүдө. Ал эми жеңилдетилген кредиттин эң жогорку үстөк пайызы үрөнчүлүк жана мал чарбасы үчүн бир жылдык мөөнөт менен 10%, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана уруктандыруу, айыл чарба кооперативдери үчүн бир жылга 9% үстөгү менен берилүүдө.

Кредиттин мөөнөтү берилгенден тартып 24 айды түзөт. Жалпы суммадан взнос 6 жана 9 айга чейин алынбайт.

Ошондой эле быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, мал чарбачылыгы жана агро кайра иштетүү тармактарындагы субъектилер үчүн кошумча шарттар белгиленди. Ал тиешелүү шартка ылайык биринчи жана экинчи категория болуп бөлүнөт.

Өткөн жумада КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Т. Айдаралиев быйыл айыл чарба тармагына жеңилдетилген кредиттерди берүү министрлик жана банктар тарабынан мониторинг жүргүзүүгө байланыштуу кечигип жаткандыгын билдирген болчу. Анткени айрым адамдар жеңилдетилген кредитти алган соң өз максатына жумшабастан, соодага, машина сатып алууга же той өткөрүүгө жумшап жиберишүүдө.

Мындай пикирин КРнын премьер-министри Ж. Оторбаев да 21-мартта Чүй облусунун айыл чарба кооперативдерин кыдырганда билдирген. Андыктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн ар бир кредит алган адам алдын ала план жазып, кандай максатка жумшай тургандыгын, мал, жер семирткич, күйүүчү май сатып алгандыгы тууралуу тиешелүү тастыктама документтерди көрсөтүүгө милдеттенген.

Бүгүн, 2-апрелде КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Бакиров Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген кредитти берүүнү кечеңдетип жаткандыгын, 30-марттан берки аба ырайынын кескин суукташынан улам алар көп чыгым тартып жаткандыгын айткан болчу.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...