Акыркы макалалар

Электрге ашыкча чыккан эсепти техникалык себепке байланыштырышты

"Түндүк электр" ачык акционерди коому электр энергиясы үчүн ашыкча жазылган эсепти техникалык бузулуу менен байланыштырды.

Эскерте кетсек, "ВБ"нын сайтында 2015-жылы 30-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы менчик үйлөрдүн тургундары электр үчүн ашыкча эсептелген квитацияларды алышкандыгы тууралуу элдик жаңылык чыккан.

Ведомство берген маалыматка таянсак, Коммунаров, Минск, Кара-Балта, Респубика жана башка көчөлөрдө жашагандардын эсеп көрсөткүчтөрү Бишкек энергия сатуу мекемесинин маалымат базасы боюнча текшерүүдөн өткөн.

Ашыкча эсептөө бир гана Минск көчөсүндө жашаган абонентке чыгып келген, ага электр энергиясы үчүн 26 334 сомдук эсеп жазылган.

"Бул техникалык себептерден болгон, аталган эсептегичтин сигналы "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун серверине келип түшкөн эмес, анын негизинде инспектор ай сайын жабдуунун көрсөткүчүн караш үчүн барууга туура келген. Азыркы учурда аталган техникалык бузуулуу оңдолду",-деп түшүнүдүрүштү "Түндүк электрден".

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...