Акыркы макалалар

Баткен облусунда адам уурдоого шектелген чек арачы кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунан чек ара кызматынын кызматкери өзүнүн эки жан-жөкөрү менен жергиликтүү бизнесменди уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18- мартта, болжол менен саат 23:00 чамасында Кадамдай райондук Ак-Турпак айыл округунун Миң-Чынар айылынын тургунунун үйүнө бейтааныш 3 адам кирип келген. Алар өздөрүн милиция катары тааныштырып, күбөлүктөрүн көрсөтүп, 1981-жылкы үй ээсин белгисиз тарапка алып кетишкен.

Алар курмандыгынын колу бутун скотчтоп, ур-токмокко алып, туугандарына чалдырып, кимдир бирөөлөргө карыз болуп калгам,- деп айтуунун буйрушкан.

Туугандарынан акча алган соң аны коңшу Карабак айылына таштап кетишкен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында ИИБ кызматкерлери кылмышка шектелген адамдардын өздүгүн аныкташкан. Алар 21 жана 24 жаштагы эки жергиликтүү тургун, ошондой эле Баткен чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкери, 25 жаштагы Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталган.

Шектелген адамдар колго түшүрүлүп, аларга "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...