Акыркы макалалар

Крымда крымтатар ишкердин 2 телекомпаниясы менен 2 радиостанциясы жабылды

Интерфакстын билдирүүсүнө караганда бизнес ишкер Лену Ислямовго тиешелүү Крым жарым аралында иштеген АТР телекомпаниясы бүгүн 1-апрель түнү, орусиялык мыйзамдардын талаптарына жооп берүү боюнча кайра каттоодон өтпөй калгандыктан, көрсөтүүсүн токтотту.

Аны менен бирге АТР маалымат холдингине кирген «Лале» балдар каналы, «Мейдан-ФМ» жана «Лидер» радиостанциялары ишин токтотушкан. Ислямовго тиешелүү телеканалдар менен радиостанциялар, атайын чектелген 1-апрелге чейин, орусиялык ЖМК катары өтпөй калышкан.

Ислямовдун атуусу боюнча анын холдинги Роскомнадзорго тиешелүү иш-кагаздарын бир нече жолу берген, бирок алар кайтарылган.

Крым республикасынын башчысы Сергей Аксенов АТРдын тегеретесиндеги абал атайын уюштурулган болушу мүмкүн дейт. Анын айтымында “абалды саясий кылыш үчүн” документтерде атайын ката кетирилип Роскомнадзор кабыл албагандай кылынышы ыктымал. Ал: “Крымда Украинанын кызыкчылыгын коруунун келечеги да, кереги да жок. Крымдын качандыр бир убакта Украинага кайтат деп элди дүрбөтүү керек эмес”, - деген.

АТР телеканалы 2011-жылдан баштап азыркы форматында иштеп келет. Ал негизинен крым татардык аудиторияга багытталган. Анын эфиринин 60 пайызы орус, 35 пайызы крым татар, 5 пайызы украин тилинде болгон.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...