Акыркы макалалар

Республикалык тестте жылдагыдай коммерциялык жолдор менен окууга өткөн абитуриенттер болбойт- деди министр

Ош, 1-апрель /Асанбек Каракозуев-Кабар/. Кечээ, 31-мартта, Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Ош шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын абалы менен таанышты. Анда билим берүү мекмелериндеги жаңы усулдар тууралуу министрге мугалимдер маалымат беришти.

Сариева мугалимдердин статусун жогорулатуу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатканын айтып, жалпы республикалык тесттин баллы тууралуу маалымат берди.

“Быйылкы окуу жылында республикалык балл 110дон кем болбошу керек. Калган сабактардан 60 балл алуу шарт. Республикалык тестте жылдагыдай коммерциялык жолдор менен окууга өткөн абитуриенттер болбойт”,- деди Э. Сариева.

Жетекчи калаадагы мектеп окуучуларына республикалык тест боюнча түшүндүрмөлөр берилип, даярдыктар көрүлүшү боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетсек, ЖРТ тапшырууда өзбек тили 2013-14-окуу жылы алынып салынып, кийин арыз менен кайрылган абитуриенттерге уруксат берилген. Ал эми быйылкы жылы уруксат берилбестигин Билим берүү министрлиги билдирген.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...