Акыркы макалалар

И. Жолдубаева: "К. Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгы 10-апрелге чейин чыгат"

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн мөөнөтү 10-апрелге чейин деп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, 3-мартта облустук прокуратуранын токтому менен К. Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө амалдары жанданган. "Тергөө мөөнөтү 10-апрелге чейин бекитилген, тергөөнү улантуу үчүн материалдар Чүй облустук ИИБинин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн. Бул иштин конкреттүү фактыларын тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн айта албайм",- деди башкы прокурор.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...