Акыркы макалалар

Атамбаев Брюсселде ханзаада Ага Хан IV менен жолукту

Атамбаев Брюсселде ханзаада Ага Хан IV менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде жолугушуу үчүн Парижден атайын келген ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолукту деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Жолугушуу учурунда Ага Хандын Өнүктүрүү түйүндөрү менен учурдагы алака-катнаш жана кызматташуунун келечеги талкууланды. Андан сырткары бир катар тармактардагы бирдиктүү долбоорлор туурасында сөз жүрдү.

2014-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстанга иш сапар менен келип, президент, өкмөт башчысы жана ЖК төрагасы менен жолуккан.

Ал Нарындагы курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулуш иштери менен таанышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...