Акыркы макалалар

Белоруссия Анапияев боюнча Кыргызстанда иликтөө жүргүзүүгө уруксат берди

Белоруссиялык иликтөөчүлөргө Минск шаарында киши колдуу болуп каза тапкан уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Алманбет Анапияев боюнча Кыргызстанда иликтөө жүргүзүүгө уруксат беришти. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Эскерте кетсек, Белоруссиянын Ички иштер министрлигинин тергөө комитети Кыргызстандын аймагында Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча ишти иликтөөгө уруксат берүүнү өтүнүп кат жөнөткөн.

КР ИИМ бул өтүнүчтү канааттандырган жана тиешелүү катты Белоруссиянын Ички иштер министрлигинин тергөө комитетине жөнөткөн. Бирок Минскиден жооп келе элек болчу.

Эскерте кетсек, 18-февралда Белорусиянын Минск шаарындагы Либкнехт көчөсүнөн бизнес класстагы Mercedes унаасынан адамдын сөөгү табылган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн Белоруссиянын укук коргоо органдары билдиришкен. Анын жанынан Шакиров Алмазбек Мийзамович деген жаранга берилген Россиянын паспорту табылган.

Алмамбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусуна караштуу Чоң- Алай районунун Жекенди айылында туулган. 2003-жылы тоноо үчүн сегиз жылга кесилген. Бирок, үч жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2011-жылдын январында ага карата адам уурдоо, каракчылык жана кишини мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча сыртынан айыбы угузулган. Ошондой эле, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Кошумчалай кетсек, Анапияев акыркы убактарды Бириккен Араб Эмиратында жашап келген.

2012-жылы АКШнын бийлиги аны криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык криминалдык топ уюштурду деп таанып, кара тизмеге киргизилип, мүлкү камакка алынган. 2014-жылы аны Дубайда кармалды деген маалымат тараган. Бирок, аны болгону документтерин тактоо үчүн эле полицияга чакырылганы жана ошол эле күнү кое берилгени маалымдалган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...