Акыркы макалалар

158 май куючу жайдын 13нөн майды кем куюу фактысы аныкталган

Маминспекциянын маалыматы боюнча 2014-жылы 158 май куюучу жай пландык негизде текшерилген. 158дин ичинен 13нөн кем куюу фактысы аныкталган, бул 8 пайызды түзөт. Ал эми жарандардын арызын эске алуу менен эскертүүсүз 6 текшерүүнүн ичинен 4 жерде кем куюу фактысы далилденген, бул 66 пайызды түзөт. Ар бир факт боюнча ишканага 3000 сомдон айып пул салынган.

Маалыматка таянсак 2014-жылы “Газпром”, “Шнос” май куюучу компанияларына арыздар болгон болсо, 2015-жылы “Роснефть” компаниясына да түшө баштаган.

Мындай фактылардан улам маминспекция айып пулду 30 миң сомго чейин көтөрүү сунушун Жогорку Кеңешке берип, ал 3-окуудан өтүп президентке жөнөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...