Акыркы макалалар

Ошто Кыргызстан менен Ооганстандын футболдук курама командасы беттешет

Эртең, 31-мартта саат 16:00дө Ош шаарындагы А. Суюнбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Ооганстандын курама командасы менен достук мелдешин өткөрөт.

Бүгүнкү күндө футболду жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан даярдыктар көрүлүп жатат. Оюн таалаасын Азия Футбол Клубунун талаптарына ылайыкташтыруу иштери жүрүүдө. Мындан сырткары стадиондо футбол күйөрмандары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн бекер Wi-Fi интернети орнотулат. Мелдешке кирүү акысыз.

Эске сала кетсек, Ош шаарында биринчи жолу республиканын курама команадалары чет элдик командалар менен беттешет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...