Акыркы макалалар

А.Атамбаев жана Д.Туск Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусун талкуулашты

А.Атамбаев жана Д.Туск Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусун талкуулашты

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа институттарына расмий иш сапарынын алкагында Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттердин түрдүү чөйрөсүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтык маселелерин, демократияны мындан ары бекемдөө боюнча пландарды талкуулашып, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

КРнын Президенти жана Евробиримдиктин төрагасы Кыргызстанда жана Борбордук Азия аймактарында, анын ичинде диний чөйрөдөгү коомдук-саясий абалды өнүктүрүүгө көңүл бурушту.

КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, А.Атамбаев менен Д.Туск Кыргызстан парламенттик демократия куруу жана коррупцияга каршы күрөшүүнү натыйжалуу жүргүзүп жаткандыгына бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө алдыда Кыргызстанда өтүүчү парламенттик жана Президенттик шайлоолорду ачык жана айкындуулуктун негизиндө уюштуруу жана өткөрүү маселесине токтолушту.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...