Акыркы макалалар

Асель ТЕНТИГЕНОВА: «Мектеп психологу өспүрүмдүн кыялы менен кошо жашашы керек»

Асель ТЕНТИГЕНОВА: «Мектеп психологу өспүрүмдүн кыялы менен кошо жашашы керек»

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде борбор калаадагы мектептердин психологдору жана социалдык педагогдору үчүн он күндүк семинар өтүүдө. Анда окуу жайдын социалдык-психология факультетинин окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуучулар, алардын ата-энелери, мугалимдер менен иштешүүнүн ыкмалары жана акыркы кездерде өспүрүмдөр арасында көбөйүп бара жаткан суициддин алдын алуу жолдору сунушталууда. Социалдык-кызмат жана практикалык психология кафедрасынын ага окутуучусу, тренер, методикалык колдонмонун автору Асел Тентигенова бүгүнкү күндө балдардын жан дүйнөсүн жабырлантып жаткан таасирлер, аларды бул абалдан чыгаруунун жолдору жана ыкмалары тууралуу “Кутбилимге” берген маегинде айып берди.

- Учурда өспүрүмдөрдүн ара-сында өз өмүрүнө өзү кол салган учурлар көбөйүүдө. Жакында эле бешинчи класстын окуучусу өз өмүрүн кыйса, ага улай эле 11-клас-стын окуучусу дагы өмүрүнө кол салды. Өспүрүмдөрдүн мындай абалга кептелип жатканына эмне себеп болууда?

- Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр ара-сындагы суицид, Кыргызстандагы эӊ негизги жана абдан кылдат мамиле-ни талап кылган маселелердин бири болууда. Себеби акыркы кездери өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн саны өзгөчө көбөйүүдө, ал тургай жаш курагы дагы жашарып баратат. Негизинен 13 жаштан 24 жашка чей-инки өспүрүмдөр көбүрөөк суицидге кабылышат. Бул куракта балдардын организминде психологиялык, эмоцио-налдык жактан өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр, өсүүлөр болгондуктан, жан дүйнөсүндө дагы кандайдыр бир бурулуштар бо-лот. Статистикалык маалыматка та-янсак, суицидге көбүнчө эркек балдар кабылышат экен. Эгерде 10 суицид катталса, анын жетөө эркек, үчөө кыз бала болот. Себеби эркек балдар бардык нерсени ичине катып, топтой берип, акыры суицидге барышат. Кыз-дар болсо, эмоционалдуу болгондук-тан мындай маселеге көп кабылыш-п а й т .

Анын үстүнө азыркы өспүрүмдөр ки-чинекей проблеманы чоӊ проблемага айлантып, “Чымынды төөдөй көрүп”, көп нерсени талап кылган, болоор болбос нерселерге таарынып, анан андан чыгуунун жолдорун таба алыш-пай, туӊгуюкта калып, жан дүйнөсүндө эмоционалдык боштук пайда болуп, өздөрүнүн жанын кыйганга барып жатышат. Негизи суицидге кабылган балдардын 10% болду өлөм, жашоом токтойт деген чечим кабыл алат, кал-ган 90% демонстрация кылып, элдин, жакындарынын көӊүлүн өзүнө бурду-руу, ата-энесин коркутуу максатында байкабастан жанын кыйып алат экен. Айрымдары болсо бир нерсе көӊүлүнө жакпай калса ачууга алдырып, ошол пайда болгон кырдаалды баалоодо интеллектуалдуу ойлонуудан алыстап, анан ушундай кадамга барышат.

- Негизи жан дүйнөсү жабыр-ланып жаткан баланын абалын ата-энеси байкабаса дагы мектеп мугалими, психолог, социалдык пе-дагог байкап, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп, кыйын кырдаалдан чыга-рып кетиши керек го?

- Бул маселеге коомчулук кайдигер карап, кош көӊүл мамиле жасап жатат. Негизи баланын жан дүйнөсүнө анын чөйрөсү, ата-энеси, бир туугандары-нын, же болбосо мугалимдеринин, теӊтуштарынын, досторунун мамиле-лери жана коомдогу социалдык-эконо-микалык абал, ар кандай көрүнүштөр, теле берүү, кино таасир этет. Суицид-дин алдын алуу же болбосо анын ке-сепеттерин жоюу, бир эле мектептеги социалдык педагогдун же психологдун иши деген тар түшүнүк. Бул маселени жалгыз психолог же соцпедагог чече албайт. Анын үстүнө азыр үй-бүлө институту өзүнүн функциясын аткара албай калды. Бул дагы социалдык-экономикалык абалдан келип чыккан маселе. Үй-бүлөдө толук кандуу ма-миле, көзөмөл жок, жашоо шарттын айынан ата-энелердин көбү балдарын таштап чет өлкөлөргө кетип калышуу-да. Чындыгында бала туугандарынан ата-энеси берген мээримди, тарбияны ала албайт. Баланын аӊ-сезимине ата-эненин мээрими, бир туугандарынын мамилеси абдан чоӊ таасирин тийги-зет. Бала канча жашта болбосун баары бир жакындарынан, ата-энесинен жы-луу мамилени, мээримди талап кылат.

Ата-энеден кийинки эле балага тике мамиле кылган, таасир берген — бул мугалимдер, класс жетекчилер. Класс жетекчи дагы кайдигер болбой, клас-сындагы окуучулардын жашоого бол-гон үмүтүн жандандыруучу тарбиялык сабактарды өтүп, ар бир окуучунун өзгөчөлүгүн айтып, мактап, башкача айтканда, ар бир окуучу менен жакын мамиледе болушу керек. Мугалим дагы өзүнүн сабагын өтүп гана тим болбо-стон, бала менен жылуу мамиледе болуп, анын жашоосунун жакшы жак-ка бурулушуна таасир бериши керек. Анан ар бир мектепте өспүрүмдөр ме-нен иштеген инспекторлор бар. Алар дагы балдарды коркутуп-үркүтпөстөн, окуучулар менен тыгыз байланышта болушу керек. Ошондой эле тарбия завучунун дагы балдардын жашоо-сунда ролу чоӊ. Суицид жөнүндө ти-келей маалымат бербесе дагы, кыйыр түрүндө жазылган маалымат текче-лерди даярдап, окуучулар арасында ар кандай мелдештерди, кызыктуу ке-челерди уюштуруп туруу тарбия зав-учунун милдети.

- Мүмкүн мектеп писхологдору-нун, социалдык педагогдордун ке-сиптик чеберчилиги төмөн болуп, балдарды туӊгуюктан алып чыгып кете албай жатышкандыр?

- Азыр өзгөчө кыргыз мектептерин-де социалдык педагогдор, психологдор кандай иш алып барышты билбей жа-тышат. Себеби кыргыз тилинде мето-дикалык колдонмо, тесттер жок. Орус тилиндеги тесттер кыргыз тилинде окуган балдарга туура келбейт. Анан биз №1 мектеп-интернатынын психо-логу Айгүл Мусаева менен биргеликте документтерди, методикаларды, тест-терди кыргызчалатып, методикалык колдонмо даярдадык. Аны апробаци-ядан чогуу өткөрүп, окуучулар ара-сында тест жүргүзүп, жакшы натыйжа ала алдык. Албетте, башында оор болду. Себеби терминдерди которуу, жөнөкөй тилде окуучуларга түшүндүрүп берүү кыйынчылыкка турду. Биздин тажрыйбабызды башка психологдор дагы көрүшсүн, билишсин, ишинде пайдаланышсын деген максатта ушул семинарды өткөрүп жатабыз.

Негизи социалдык педагогдордун жана психологдордун милдети, ар бир окуучу менен жакындан иштешип, алардын жан дүйнөсүн түшүнүп, ал эмнеге умтулуп, кызыгып жатса кошо ойлонуп, бала менен, баланын кыя-лы менен чогуу жашашы керек. Бирок көбүнчө психологдор үстүртөн план түзүп коюп эле, ар бир окуучуга индиви-дуалдуу жардам көрсөтө албай жаты-шат. Мисалы, ар бир класска кирип ме-тодикаларды, тесттерди берсе, ошонун жыйынтыгынан эле кайсы бала эмнеге муктаж экендигин билип алса болот. Анан ал ар бир окуучу, мугалим менен иштешип, анын ички дүйнөсүндө болуп жаткан кыйынчылыктарды айттырганга чейин жетиши керек. Өз оюн айтып түшүндүрө албаган балдар болот. Кээ бир окуучулар адам менен бет маӊдай отуруп сүйлөшө албайт. Ошонун баа-рын психолог байкап, баарлашуунун, балага жаккан жолун табышы керек.

Азыр психологдор жеке окуучулар менен гана эмес, мугалимдер менен дагы иштешиши керек. Биз мугалим дегенде көптү билген, акылман адамды элестетебиз. Бирок ошол эле учурда мугалимдер дагы окуучуларга туура эмес сүйлөп, туура эмес мамиле кы-лып алышы мүмкүн. Андай мамиле баланын окууга болгон кызыгуусун төмөндөтөт. Ошондуктан мугалим-дердин арасында өзүн алып жүрүү, этика, сүйлөө манерасы тууралуу ар кандай темадагы тренингдерди уюш-турса, жакшы натыйжа берет. Тренинг өтүп жатканда кайсы мугалимде кан-дай маселе бар экендиги байкалат. Анан психолог алар менен өз алдынча сүйлөшүшү керек. Кээ бир адамдар сын укканды жактырбайт. Мындай учурда дагы психолог анын жүрүм-турумун оӊдоого жардам бериши зарыл. Анан ар бир педагог окуучуларды коомго татыктуу инсан катары тарбиялагысы келсе, өзү менен өзү иштеши керек.

- Силер тажрыйбалуу адис ката-ры баланын абалын аныктоо үчүн ата-энелерге, мугалимдерге, атайын адистерге кандай методикаларды сунуштайсыздар?

- Азыр баланын абалын аныктай турган ыкмалар абдан көп. Тесттер, сүрөттөр, оюндар аркылуу аныктаса болот. Мисалы, бүтпөгөн сүйлөмдү ая-гына чыгаруу деген ыкма бар. Бүтпөгөн сүйлөмдү бала өзүнүн деӊгээлине жа-раша улайт. Жалпы 13 сүйлөм болот. Эгерде анын жарымынан көбүн терс маанидеги сөздөр менен уласа, анда ошол баланын ички эмоционалдык абалында кандайдыр бир өзгөрүүлөр же маселе бар болуп эсептелинет. Андай баланы дароо бөлүп алып, өзүнчө сүйлөшүп, ар тараптуу жардам көрсөтүп, кеӊеш берип туӊгуюк жол-дон чыгарып кетүү керек. Баланын жан дүйнөсүнө бүлүк салган проблемалар көбүнчө үй-бүлөдөн чыгат. Ошондуктан соцпедагог баланын ата-энеси менен жакындан иштешип, ал үй-бүлөнүн шартына жараша иш пландарын түзсө, жакшы жыйынтык берет.

Тестти бир эле жолу өткөрбөстөн, бир канча жолу өткөрүш керек. Себе-би бир эле жолку тесттин жыйынты-гы менен чыныгы маалыматты алу-уга болбойт. Эгерде бир канча жолу өткөзгөн тесттин жыйынтыгы жана байкоолор бирдей көрсөткүчтү берип жатса, анда ал бала коркунуч алып келген топко кирет. Андай балдардын ата-энелери, соцпедагог, мугалимдери менен сүйлөшүп, ар бирине баланы туӊгуюк абалдан чыгарып кетүүнүн тийиштүү багытын көрсөтүп берүү ке-рек. Тренингдерди дагы өткөрсө бо-лот. Баланынкичинекейинен баштап, өзүнө-өзү баа берүүсүнө көӊүл буруу зарыл. Себеби көп проблема ушундан келип чыгат.

Өзүнө-өзү жогорку баа бере албаган баланын, сөзсүз түрдө жан дүйнөсүндө бир кемтик бар бо-лот. Эч убакта баланы колго чаппаш керек жана бир нерсе айтайын деп жатканда тыйбаш керек. Мындай бал-дар сүйлөбөй калат. Баланы уга билүү дагы зарыл. Эгерде баланы ата-энеси укпаса, муалимдер укпаса ал өзүнөн-өзү чүнчүйт, жабырланат, анан аны уга тургандарды издейт дагы үйдөн өзү эле кача баштайт. Мисалы, студент-тердин арасында сүйлөбөй отурган балдар болот. Аларды көрүп ата-энеси сүйлөтпөй салгандыгына ынанасыӊ. Андай балдарды сүйлөбөйт деп көӊүл сыртында калтырбастан, сүйлөткөнгө аракет кылып, ал сүйлөп жатканда башкаларын токтотуп коюп, анын то-лук кандуу оюн айтуусуна шарт түзүп берүү керек. Анан сүйлөбөй калган, айтайын деген оюн айта албай калган баланын комплекстери пайда болот. Таарынчак боло баштайт. Көп нерсени ичине катып калат. Мындай абал рак оорусуна алып келет. Ошондуктан эч качан эмоцияны ичке катпай, кандай жол менен болсо дагы чыгарып алыш керек. Негизи ачык жүргөн адамдар аз ооруйт, көп жашайт.

Маектешкен Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

Түп нускага шилтеме : kutbilim.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...