Акыркы макалалар

Өлкө аймагында 83 медресе бар

Кечээ, 26-мартта ЖКнын депутаттары Бөдөш Мамырова жана Каныбек Осмоналиев Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы “Абдулла ибн Масъут” жана “Абу Бакр Сыдык” балдар медреселеринде болуп, алардын иши, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар, билим берүү багытындагы иш кагаздарынын тактыгы, бирдиктүү окуу программалары менен таанышты. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) Азирети муфтийинин биринчи орун басары Равшан ажы Эратов депутаттарга медреселерде жүргүзүлүп жаткан иштерди, алардын шарттарын, окуучуларга билим берүүнүн абалын, жатакана, тамак-аш, эс алуу бөлмөлөрүн көрсөтүп чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө Р.Эратов КМДБ алдындагы диний окуу жайларга катуу көңүл бурулуп, алар үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгын, диний окуу жайлардын материалдык жана техникалык базасын чындоого көңүл буруп, бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, 2014-2015 окуу жылына карата 126,0 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи.

Р.Эратов медреселерге окуучуларды кабыл алуу 9-класстан кийин ата-энелердин, балдардын өз каалоолору менен гана кабыл алынарын кошумчалады. Иш-чаранын алкагында жогорудагы медресе башчылары окуу программасына кыргыз тили, математика, тарых сабактарын киргизүү боюнча жардам берүүнү суранышты.Депутат К.Осмоналиев Кыргыз Республикасында бирдиктүү Имам Хатиб диний билим берүү мекемелерин түзүү боюнча сунуштарын берди.

Ошондой эле ал диний билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу жана мыйзамдуу талаада болуу максатында “Диний билим берүү жана диний мекемелер жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынгандыгын маалымдады. Келечекте бул мыйзам долбоору баардык диний билим берүү мекемелеринин абалын мыйзамдуу нукка салууга жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 83 медресе бар. Учурда алардын 61 өз иштерин жүргүзүүдө. Республика боюнча медреседе окугандардын жалпы саны 5693 бала.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...