Акыркы макалалар

Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчилигине кылмыш иши козголду

Бишкек, 27-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаар бийлигинин маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн жетекчилигине карата ККнын 304, 315 жана 171-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2011-2014-жылдардын аралыгында Майлуу-Суу шаардык мэриясынын маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн жетекчилиги бухгалтердик документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен балдардын музыкалык мектебинин кызматкерлерине бөлүнгөн 217 280 сом маянаны жеп койгондугу аныкталган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...