Акыркы макалалар

Жумгалда жергиликтүү тургундардын 1800ү жер алып турак-жай салууга кезек күтүп келишет

Нарын облусунун Жумгал районунун айыл өкмөттөрү боюнча жалпысынан 330 га өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы (ФПС) жер болгондуктан ушу кезге чейин жогору тараптан трансформацияланбай элдин карамагына чечилбей келет, анын 219 га жерине жергиликтүү тургундар мыйзамсыз турак-жай салып алышканына карабастан 5-10 жылдан бери үйлөрүнө кызыл китеп алалбай жана насыя алууда турак-жай маселеси козголууда дешет айыл тургундары. Бул туурасында Жумгал KG маалымат булагы кабарлайт.

Өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерди трансформациялоого КРнын Жогорку Кеңешине кат жиберилгендиги жана бул иш боюнча азыркы күнгө чейин маалыматтар айтылып, жогору жактан кабар күтүп жатышканы жана эл алдына туура түшүндүрүү иштери аткарылып жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришсе, айрым айылдын тургундары өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлери быйыл эл тарабына чечилип трансформацияланбаса бул жылы дагы турак-жай салып алуу иштери уланаарын айтып келишет.

Жумгал району боюнча жерге муктаждар айыл өкмөтү боюнча Жумгал айыл аймагына 28 га, Жаңы-Арык 65 га, Куйручук айыл аймагынан 35 га, Чоң-Дөбө айыл аймагынан 26га, Таш-Дөбө айыл аймагынан 26га, Түгөл-Сай 12га, Баш-Кууганды 45га, Байзак айыл аймагынан 50га, Кызыл-Жылдыз, Чаек айыл аймактарынан 20га, Көк-Ой айыл аймагынан 43 га жер трансформацияланууга тийиш.

Эске салсак буга чейин Көк-Ой айыл аймагында өткөн 2012-жылы жерге муктаж жаштар жер маселеси боюнча боз үй, чатырларын тигип алышып таш-кумун түшүрүп жер басып алууга чейин барышкан.

Түп нускага шилтеме : jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...