Акыркы макалалар

Маселелер биргелешип чечилет

Маселелер биргелешип чечилет

«Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союзу жакында Нарын шаарында болушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча «Милициянын коомчулук менен кызматташуусун күчөтүү» аталыштагы маектешүү аянтчасын өткөрүштү.

Маектешүү учурунда «Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союзунун мүчөсү Давлетбаева Галина реформалоонун максаты менен милдеттерине токтолуп, бул боюнча өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын үч-төрт жылдан бери жүргүзүп жаткан иштерин маалымдады. --2010-жылдан тартып эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо иштери жүрүп, анда жылыштар бар. Бул багытта Өкмөттүн атайын токтому чыгып, иш чаралар, пландар иштелип, байкоочу кеңеш түзүлгөн. Проблемаларды чечүү системалуу ыкмаларды талап кылгандыктан чечилбеген маселелерди жогорку органдарга чейин жеткирип жатабыз. Бүгүнкү келишибиздин максаты дагы коомдук коопсуздук маселеси боюнча жергиликтүү башкаруу органдарынын ордун жана ролун терең түшүндүрүү. Шаардын коопсуздугу боюнча көйгөйлүү маселелерди жергиликтүү калк менен биргелешип чечүү. Ошондой эле милициянын иштерин реформалоо тууралуу элди толук маалыматка ээ кылуу менен жергиликтүү калктын сунуштарын угуу.

Сөз кезегинде отурумдун катышуучулары коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жеке милициянын күчү жетпейт, жарандык коом, жергиликтүү бийлик менен биргелешип иштешкенде гана тартипти чыңдай алабыз. Милициянын учур талабына ылайык иш алпарышы каражатка да байланыштуу. Жыйынга жеке милиция кызматкерлери эмес укук тартибин чыңдоого тиешелери бар сот, прокуратура органдарынан да өкүлдөр чакырылганда маселелерди биргелешип чечүүгө оңтойлуу болмок дешип, Нарын шаарындагы коопсуздукту сактоо, укуктук тартипти чыңдоо багытында көйгөйлөрдү ортого салышып, талкуулашты.

Аягында аталган аймактагы көйгөйлөрдү чечүү, милициянын эл менен болгон байланышын чыңдоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо, реформалоо иштерин алга жылдыруу боюнча күтүлгөн натыйжаларга жетүү багытында жумушчу топ түзүлдү.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...