Акыркы макалалар

Жаш муундарга камкордук - келечек үчүн инвестиция

Жаш муундарга камкордук - келечек үчүн инвестиция

Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында жайгашкан А.Аралбаев атындагы орто мектепте кенже курактагы балдарга үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан бери ысык тамак бериле баштады. Окуучуларды тамактандыруу БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын Кыргызстанда мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Ал эми өлкөбүздөгү “Роза Отунбаеванын демилгелер фонду” мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздап жаткан долбоорду толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен тыгыз алакалашып, биргеликте алгылыктуу иш алып барууда. Кабарчыларыбыз бөбөктөрдүн шаңдуу добушу жаңырган мектептин нан жыты жыттанган ашканасында болуп, жеринде таанышып кайтышты. Төмөндө ушул туурасында кеп кылабыз.

АРАКЕТ АРТЫ – БЕРЕКЕТ

А.Аралбаев атындагы орто мектеп БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын Кыргызстанда мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу долбоорунун 3-этабына кирген мектептердин бири. Деректири Чынара Абдыкадырованын айтымында, долбоорго кирүү үчүн 2013-жылдан бери аракет кылып келишкен. Ал эң алгач окуу жайдын жыйырма беш жылдан бери иштетилбей, эскилиги жеткен канализациясын оңдотуп-түзөтүп, түтүктөрүн алмаштыртып, таза суу менен камсыз кылууну колго алды. Бул үчүн мектептин көмөкчү чарбасынын эсебинен жүз миң сомдун тегерегинде, Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 80 миң сом каражат бөлүндү. Ал эми бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган мектептин эмгек жамааты – мугалимдер менен техникалык кызматкерлердин бири калбай 58 миң сом чогултушту. Ашканага кайрадан ремонт иштерин жүргүзүү сыяктуу толгон-токой кара күч эмгегин талап кылган жумуштарды бүткөрүүдө айрыкча, техникалык кызматкерлердин эмгектери абдан зор болду. Ата-энелер да сырттан карап турбастан, өз балдарынын тамактануусун колдоп, чыны-табактарын, кашыктарын баш кылып, идиштерин көтөрүп келишсе, айылдан чыккан ишкердин “Бадырак” компаниясы балдардын отургучтарын жасатып берип, демөөрчүлүк кылса, айылдын тургуну Болот Орозакунов үч кол жуугуч раковина сатып берип, колдоо көрсөттү. Андан соң, жыл айланбай БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынан колдоо таап, үстүбүздөгү 2014-2015-окуу жылында мектепке эл аралык уюмдун жабдуулары алынып келине баштады. Алар заңкайган тиричилик муздаткычтарынан экөө, төрт комфоралуу электр меши, чоң самоордон экөө, суу жылыткан 100 литрлик “Аристондон” дагы экөө, тамак-аш даярдоочу өндүрүш үстөлүнөн эки даана, жашылча-жемиштерди кескич машина, идиш жуугуч, мискейдин эки түрүнөн он төртү жана башка бир катар ашкана жабдуулары менен камсыз кылышты. Акыры аракеттен – берекет жаралып, балдар үчүн шарттар түзүлдү.

Бүгүнкү күндө орто мектептин ашканасындагы негизги көйгөй – жылуулук системасынын жоктугу. Өткөн окуу жылындагы кыш мезгилинде ашкананы жылытуу көп оорчулуктарды жаратты. Эмдиги кезекте дал ушул маселени чечүү үчүн аракет жасалмакчы.

“КОЛУНДА ТАЛКАНЫ БАР БАЛА СҮЙГҮНЧҮКТҮҮ”

Мектептин ашканасында сегиз жылдан бери эмгектенип келе жаткан башкы ашпозчусу Жыргал Жумаева: “БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынан балдарга нан бышырып берүү үчүн окуу жылынын аягына жеткидей ун дагы алып келип беришти” – дейт кубануу менен. Анын айтканына караганда, балдар үстүдөгү окуу жылына чейин чай, компот сыяктуу суусундуктар менен булочка жеп, тамактанышса, сентябрь айынан бери бир жумада эки жолу каша жеп жатышкан. Ал эми жакындан тарта эт менен гречка, кесме, шорпонун, кашанын түрлөрү, кургак жемиштерден жасалган компоттор ж.б. тамактар менен азыктанууга өтүштү. Бул азыктарды жасоодо баалуулугу сакталып, абдан витаминдүү болгондуктан, өсүп турган жаш организмге пайдалуу. Тамак жасоого керектүү эт азыктарын, сүттү, жашылча-жемиштерди тендерден өткөн ишканалар аркылуу алып турушат. Ашканада үч ашпозчу эмгектенип, 1-класстан 4-класска чейинки 208 балага тамак даярдашат.

Ысык тамак бериле баштагандан бери окуучулардын кыраакы класс жетекчилери балдардагы өзгөрүүлөрдү кылдат байкап турушат. Алардын сабактан калуусу азайды, ата-энелер да кубаттап, тыгыз байланышып, кабар ала башташты. “Тамак ичип чыккандан кийин балдардын маанайлары көтөрүлүп, көздөрү жайнап, жайдарыланып, окууга да көбүрөөк көңүл буруп, кызыга башташат экен” – дейт 3-б классынын класс жетекчиси Керез Оржоева. 25 окуучунун сүйүктүү эжейи К.Оржоева: “Кээде окуучулар үйлөрүнөн тамактанбай эле, ойноп атып, ачка келген күндөр болот. Ата-энелердин баары эле тамак даярдап, камдап олтурбайт да. Арасында көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөр да бар. Ал эми бала тамактанбаса, сабакка кайдан көңүлү келет. Баланын курсагы ток болсо, көңүлү да ачык болот. Класста кээ бир окуучулар “курсагым ачты, сабактан кете берейинчи” деп ачык эле айтышат. Айтмакчы, балдар коомдук тамактануу эрежелерин үйрөнүп, санитардык-гигиеналык талаптарды, тазалыкта сактоого да көнүгүшөт. Чынын айтканда, айрым балдарга муну ата-энелери үйүнөн да үйрөтө беришпейт” – деген пикирде.

Ал эми балдардын тамактануусу боюнча ата-энелер комитетинен Исмаилова Жээнбүбүгө кайрылганыбызда буларга токтолду: “Балдарга ысык тамактын бериле башташы ата-энелер үчүн абдан жакшы саамалык болду. Бул балдардын ичинде менин эки неберем да тамактанат. Бирөө 3-класста, экинчиси 1-класста окушат. Бала тамакты жакшы ичсе, дени сак болот. Үйдөн чындыгында мектепте берилип жаткандай түрдүү тамак-ашты конок келип калганда эле даярдабасак, балдар үчүн атайылап деле эч ким жасап бербей тургандыгын моюнга алышыбыз керек. Ошондо да, “жашылчадан салат өңдүүлөрдү конок келип кеткенден кийин ашып калса, жейсиң” деп бербейбиз дагы. "Колунда талканы бар сүйгүнчүктүү" дейт эмеспи кыргызда, биз – ата-энелер мектептеги тамактанууну кош колдоп кубаттайбыз. Бул үчүн өз салымыбызды кошуп, бир балага бир күндүк тамактанууга беш сомдон төлөп берип жатабыз, мен айына ашып кетсе эки жүз сом төлөйм. Албетте, бул арзыбаган акча. Буюрса, дагы эле жардам беребиз. Балдар мектептики гана эмес, жалпы эне-аталардыкы экендигин түшүнүшүбүз керек”.

МЕКТЕПТЕРДЕ ТАМАКТАНДЫРУУ ЖАКШЫРТЫЛУУДА

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун методисти Касымбек кызы Мээримдин маалыматына таянсак, 2014-2015-окуу жылына карата Нарын облусу боюнча БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын Кыргызстанда мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу долбоорунун алкагында отуз бир мектепте ысык тамак берилип жатат. Булардын ичинен: Ак-Талаа районунда беш мектеп, Нарын районунда он бир мектеп, Кочкордо - он үч, Ат-Башыда үч мектеп долбоорго киргизилип, жабдуулар, азык-түлүктөр менен камсыз болушкан. Соңку үчүнчү этапка тогуз мектеп кирди. Нарын району боюнча жогоруда сөз болгон А.Аралбаев атындагы орто мектеп менен катар Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы, Дөбөлү айылындагы О.Токтосунов атындагы, Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектептерде балдар үчүн ысык тамактар берилүүдө.

Мындан тышкары, өздөрүнүн күчү менен же башка демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу 55 орто мектеп окуучуларды тамактандыруу долбоорун жүзөгө ашырууда. Ал эми облус боюнча ысык тамак берилбеген жалпысынан отуз төрт мектеп бар. Бирок, бара-бара бул мектептер да балдарга ысык тамак берүүгө өтөт деген ишеничтебиз.

БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын Кыргызстанда мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу долбоорунун 2013-2014-жылдагы жыйынтык отчетунун маалыматына караганда, программанын пилоттук долбооруна жалпы республика боюнча ар кыл аймактардан 250 мектеп кирген. Аталган долбоордун максаты мектептердеги тамактандырууну уюштурууну жакшыртуу болуп саналат. Эгерде мектеп ашканалары үчүн мурда даяр азык-түлүктөр – коржиктер, пакеттеги кумшекер менен чайлар долбоордун алкагында сатылып берилсе, эми мектептер тендердик негизде дан азыктарын, майды, сүттү, жашылчаларды өздөрү сатып алышат. Мектеп окуучулары үчүн ысык тамак негизинен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, бир балага он сомдон бөлүнөт. Мындан тышкары, керектүү акча каражатынан ата-энелер кошумчалашат. Ошондой эле, БУУнун Азык-Түлүк программасынан байытылган ун берилүүдө.

Ошентип, жеке эле Нарын облусунда эмес, жалпы өлкөдөгү орто мектептерде окуучуларга ысык тамак берүү жакшы жолго коюла баштады. Демек, жаш муундар үчүн көрүлгөн камкордук келечек үчүн тартылган инвестиция экендигин эч убакта унутпасак.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...