Акыркы макалалар

Карышкыр тирүү кармалды

Карышкыр тирүү кармалды

Ишенсең койсоң өзүң бил же сага жалган мага чын! Анткени, Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында дагы бир карышкыр тирүүлөй адам баласынын колуна түштү. Аны капканга же жарадар кылып кармап алышкан жок. Талаада жортуп жүргөн карышкыр кантип адамдын колуна түшүп калганы боюнча аталган айылдын жайыт комитети Шайырбек Турумбеков кабарчыга атайын маалымат берди.

Ак-Чий айылынын 50 жаштагы тургуну, малчы Ишенбек Исмайылбеков жана анын теңтушу Сыргак Дадакбаев экөө 3-март күнү Ала-Байтал чөлкөмүнө жылкы издеп чыгышат. “Жолборско жолго жатаарбы ай, жолугаарга жолукпай, шорум мындан катаарбы ай”дегендей алардын алдынан карышкыр чыгат. Албетте талаада ээн-эркин жортуп жүргөн карышкырды кыйкырык салып качыруу бул малчылардын опузасы эмеспи. Ошентип, алар карышкырды качырууга аракет кылып, кыйкырык салышат. Булардын кыйкырыгына кашабаң айбат кылат. Ошол маалда И.Исмайылбеков колундагы жоон союлу менен карышкырды кууп жетип, баштан ары берип калат. Жандалбаска түшкөн карышкыр качып берип, ошол жердеги аңга кире качат дагы, бирок тилегине каршы кар күрткүгө сайылып туруп берет. Учурду колдон чыгарбаган аталган эки адам аны тирүү кармаганга жетишет. Ошентип кармалган карышкырдын картаң экени дагы билинет жана ошол эле күнү карышкыр өлтүрүлөт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...