Акыркы макалалар

Кызматынан кыянат пайдалангандар

Арабызда кызмат абалынан кыянат пайдалангандар, мамлекеттик казынанын эсебинен “жеп-ичкендер” кимдер? Кой терисин жамынган коррупционерлерчи? Төмөндө булардын жүздөрүн жана ысымдарын Нарын облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Черикбай Секеев ашкерелеп берет.

Эске салсак, бул иштер боюнча тергөө жүргүзүлүп, соттордун соттук актылары чыгарылган соттолуучулар тарабынан даттануулар жогору турган сот органдарына берилип, жазаларын алышкан. Келтирген материалдык чыгымдардын орду толтурулган. Облус боюнча бардыгы 41 кылмыш иши 63 кызмат адамдарына карата козголуп, сотко өткөрүлүп, соттук актылар чыккан.

Ат-Башы району боюнча, райондук соттун токтому менен райондун каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Айдаралиев, жетектөөчү адис Ш.Казыбек кызы менен бирдикте, райондун мугалимдерине 4 319 100 сом мыйзамсыз ашыкча төлөөгө жол беришкен. Кылмыш иши козголуп, материалдык зыян төлөтүлгөн. Ал эми Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери А.М.Мырзабеков “кызмат ордун берем” деп шылтоолоп М.Такырбашовадан 7000 сом пара алган. Соттун өкүмү менен 300 миң сом айып салынган.

Ат-Башы районунун № 32 кесиптик-лицейинин директору М.Токтогонов, башкы эсепчиси К.Сокубашева менен бирдикте лицейде багылып жаткан 794 000 сомдук малды өздөрүнө “сиңирип”, факты боюнча жазык иши козголгон. Соттун өкүмү менен М.Токтогоновго 300 миң сом, К.Сокубашевага 100 миң сом айып салынган. Ушул эле райондун аймагындагы «Торугарт» чек ара фитосанитардык постунун адиси болуп иштеген Б.Маматаев кызмат абалынан пайдаланып, жүккө документтери жок болсо дагы, жалган документ түзгөн. Соттун өкүмү менен 350 миң сом айып салынган.

Ак-Жар айлындагы Жанаалы уулу Абдракман орто мектебинин директору Ү.Султанов, орун басары С.Аттокурова экөө “мектептин чатырын оңдотобуз” деп шылтоолоп, элден 125 миң сом чогултушуп, “сиңирип” алышкан. Факты боюнча жазык иши козголгон. Соттун өкүмү менен жеңилдетүүчү жагдайларынын негизинде бошотулушкан. Зыян өндүрүлгөн.

Кара-Суу айыл өкмөтүндө Т.Иманкулов башчы болуп иштеп туруп, КРнын «Жер жөнүндөгү» мыйзамын бузуп, Ж.Токтокожоевага дүкөн куруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз берген. Соттун өкүмү менен 2000 сом айып төлөм салынган. Ал эми Башкайыңды айыл өкмөтүндө иштеген Н.Абдыназарова кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кызматкерлердин эмгек акысынан 56 392 сомду таратылган катары көрсөтүп, өзүнө “сиңирип” алган. Соттун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылган, бирок, жашка толбогон баласы болгондуктан, өкүмдү аткаруу 3 жылга токтотулган.

Ак-Талаа районун алсак, Көк-Жар айылдык округунун финансы бөлүмүнүн башчысы Ч.Мусаева кызмат абалынан кыянат пайдаланып, айыл округунун кызматкерлерине айлык акыларын мыйзамсыз жогорулатып, 25 694 сом төлөп берген. Ак-Талаа райондук сотунун өкүмү менен жазага тартылып, коомго коркунучтуулугун жоготкондугу үчүн бошотулган. Зыян өндүрүлгөн.

Райондогу Кара-Бүргөн айылдык округунун финансы болумунун башчысы С.Мамытбекова кызмат абалынан пайдаланып, 22 758 сомду пайдаланып, жоготкон. Ак-Талаа райондук сотунун өкүмү менен белгилүү кызматты ээлөө укугунан 1 жылга ажыратылып, 3 жылга эркинен ажыратууга соттолуп, жаза шарттуу колдонулган.

Тоголок Молдо айыл округундагы Ж.Сатылганов орто мектебинде директор болуп иштеген М.Сатындиев, 10-класстын окуучусу Т.Эркинбек уулун уруп-сабагандыгы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылып, өкүмдү аткаруу 1 жылга узартылып, сынак мөөнөтү чектелген.

Жаңы-Талап айылдык округунун финансы бөлүмүнүн башчысы Л.Дүйшөнбекова өзүнө жана айыл округунун кызматкерлерине 40 859 сомдук айлык акыны ашыкча эсептеп, мыйзамсыз бергендиги үчүн райондук сотунун өкүмү менен 100 000 сом айып салынып, жазаны аткаруу соттолуучу коомго коркунучтуу болбой калгандыктан, жазаны аткаруудан бошотулган. Келтирилген зыян өндүрүлгөн.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы Э.Капаров мыйзамсыз буйрук чыгарып, өсүүсү токтой элек жалпы баасы 51878 сомдук 53 теректи кыйдырган. Ак-Талаа райондук сотунун өкүмү менен 70 000 сом айып салынган. Өкүмдү аткаруу мунапыс актысынын негизинде токтотулуп, жазадан бошотулган.

Жумгал району боюнча алсак, К.Шейшеналиев Чаек айылдык округунун башчысы болуп иштеп туруп, 239 693 сомдук бюджеттик каражаттарды кызыкчылыгына мыйзамсыз пайдаланган. Райондук соттун өкүмү менен 5 жылга эркинен ажыратылып, 1 жылга сынак мөөнөтү чектелген. Келтирилген зыян өндүрүлгөн.

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Ысыранов кызмат абалынан кыянат пайдаланып, бир эле мезгилде райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Допоевди маданият бөлүмүнүн башкы эсепчиси кылып иштеткен. Райондук соттун өкүмү менен Т.Ысыранов мунапыс актысы менен бошотулуп, Допоевге 300 миң сом айып төлөм салынган.

Көк-Ой айыл округуна караштуу почта бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Ж.Өмүрбаева кызмат абалынан кыянат пайдаланып, пенсионер Д.Молдакунованын 34 120 сомдук пенсиясын ээлеп алган. Жумгал райондук сотунун өкүмү менен 6 жылга эркинен ажыратылып, өкүмдү аткаруу 3 жылга сынак мөөнөтү менен токтотулган.

Жумгал райондук ветеринардык дарт дарылоо жана экспертиза борборунун башчысы Б.Медетов кызмат абалынан кыянат пайдаланып, атайын адистик кызматка атайын билими жок, өзүнүн келини Ч.Адисованы кызматка орноштурганы боюнча Жумгал райондук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, жазага тартуу мөөнөтү өткөндүктөн, кыскартылган.

Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын башчысы К.Музуева кызмат абалынан аша чаап, К.Салмоорбек уулуна мураскор укугун аныктоочу Ф-1 справкасын жазып берген. Райондук соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтү өткөндүгү боюнча мыйзамга ылайык бошотулган.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери К.Сүйүналиев, Т.Кемелова кызматкерлердин айлыгын мыйзамсыз көбөйтүп, бюджетке 187001 сом зыян келтиришкен. Райондук соттун өкүмү менен ар бири 30 000 сомдон айыпка кириптер кылынып, бирок, мунапыстын негизинде жазадан бошотулушкан.

Кочкор районунундагы № 15 кесиптик-лицейинде директордун орун басары К.Тайсариева жана мугалими М.Кыкеевалар кылмыштуу байланышып, мыйзамсыз окуу группаларын түзүшкөн. Кочкор райондук сотунун өкүмү менен 50 000 сомдон айып салынып, жазадан мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Кочкор районунун паспорттук-визалык каттоо иштери боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеген С.Мамытсаева Кочкор районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы З.Дүйшеева менен өз ара кылмыштуу сүйлөшүп, Кочкор айылында жашабаган С.Казизовага жалган паспорт беришкендиги үчүн Кочкор райондук сотунун токтому менен жаза колдонуу мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши кыскартылган.

Нарын районунун Ак-Кудук айыл округунун мурунку башчысы Н.Аманбеков кызмат абалынан пайдаланып, айыл өкмөтүнүн балансындагы 50 000 сомдук атты сатып жиберген, зыян төлөтүлгөн. Райондук соттун өкүмү менен, кылмыш коомго коркунучтуу мүнөзүн жоготкондугуна байланыштуу жазадан бошотулган.

Эмгек-Талаа айыл округунун жер адистери К.Моютов, А.Өмүргазы кызы жерди арендага берүү келишимдерин жасалмалап, мыйзамсыз жерди ошол эле айыл округунун айыл чарба жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ы.Оморовго беришкен. Нарын райондук сотунун өкүмү менен 100 000 сом айып төлөм салынып, жазадан мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Ак-Кыя байланыш бөлүмүнүн башчысы Д.Өскөнбаева пенсионерлердин 222 462 сомун өз кызыкчылыгына пайдаланган. Нарын райондук сотунун өкүмү менен 7 жылга эркинен ажыратылып, өкүм шарттуу 2 жылга сыноо мөөнөтү менен узартылган.

Нарын шаарындагы Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси Г.Шалтаева борбордун кызматкерлерине ашыкча 52 600 сомдук эмгек акы эсептеп берген. Нарын шаардык сотунун өкүмү менен 110000 сом айып салынып, жазадан мунапыстын негизинде бошотулган.

Нарын облустук администрациясынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.Капарова кызматынан кыянат пайдаланып, эмгек акысын мыйзамсыз көтөрүп, бюджеттен 18289 сомду ашыкча алган. Шаардык соттун өкүмү менен зыянды төлөп, кылмышы коомго коркунучтуу мүнөзүн жоготкондуктан, кыскартылган.

Нарын экотехинспекциясынын адистери Т.Абдраев менен Э.Байшериев 29000 сомдук өсүүсү токтой элек бактарды кыркканга мыйзамсыз уруксат беришкен. Нарын шаардык сотунун өкүмү менен 100000 сом айып салынып, мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Нарын спорт мектебинин мурдагы директору К.Дүйшеев менен башкы эсепчиси М.Мусаева өз ара кылмыштуу байланышып, мектепте иштеген кызматкерлердин айлыгын 94128 сомго жогорулатышкан. Нарын шаардык сотунун өкүмү менен 10000 сомдон айып төлөм салынып, белгилүү кызматтарды иштөө укугунан 1 жылга ажыратылган. Жазаны өтөөдөн мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Нарын шаарындагы № 9 орто мектебинин директорунун орун басары Э.Кармышова кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мектеп окуучусу М.Темирбек кызынын аттестатын жасалмалаган. Нарын шаардык сотунун өкүмү менен күнөөсү далилденип, жазага тартуу мөөнөтү өткөндүктөн бошотулган. Ушул эле № 9 орто мектебинин директору Ы.Чымырбаев, анын орун басары Н.Сыдыкова мектепте окубаган балдарды “окуду” кылып, жасалмалоого барышкан. Нарын шаардык сотунун өкүмү менен Ы.Чымырбаевге 100000 сом айып салынган, А.Сыдыкова 1 жылга эркинен ажыратылып, жазадан мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Ошентип, жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн соттолуучулар тарабынан келтирилген жалпы зыян 6379864 сомду түзүп, тергөө органдары тарабынан толугу менен мамлекетке өндүрүлгөн. Сот жообуна тартылгандарды талдоодо алардын ичинен 8 адам мамлекеттик кызматтагылар, 16 адам айыл округунда, 4 адам элге билим берүү мекемесинде, бирөө саламаттыкты сактоодо, бирөө токой чарбасында иштегендиги аныкталды.

Жогорудагы келтирилген фактылардан улам, соттолгондор мамлекеттик кызматчылар, айыл өкмөтү сыяктуу тармактардан экен, булар эмне үчүн жеңил жаза алышып, айып төлөө менен эле кутулушкан? – деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени, бул кылмыштар категориясына карата анчалык оор эмес кылмыштардын катарына кирет. Мөөнөтү өтүп кеткенде экспертизалар дайындалат. Мисалы, Нарын шаарынын мурдагы мэри Б.Жээналиев, К.Жакыпов үч жылдан бери экспертизадан чыкпай жатат, ошол себептен мөөнөтү өткөн, болбосо, мунапыска кирип калган. Башка кылмыштар өзгөчө оор кылмыштар жана өнөкөт кылмыштарга айланып калгандыктан, эркинен ажыратуу жазаларына кириптер болот.

Албетте, мыйзамдын укуругу узун. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Андыктан, кандай ишти жасабайлы, анын жоопкерчилигин ойлонуп, мыйзамдуу негизде өз укуктарыбыздын алкагында эмгектенип, жашаганга көнүксөк.

Черикбай СЕКЕЕВ, Нарын облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...