Акыркы макалалар

Made in China: Дүйнө жүзүн багындырган кытайдын товарлары

Made in China: Дүйнө жүзүн багындырган кытайдын товарлары

ХХ- кылымдын аягында Батыш компаниялары өзүнүн чыгарган өндүрүштөрүн Кытай мамлекетине жөнөтүп баштаган. Анткени Кытай мамлекетинде иштелчү өндүрүштөрдүн күчү башка жактарга салыштырмалуу арзанга турган. Ал убакта Кытай мамлекети чыгарган өндүрүштөр дүйнө жүзүнө тарап кетээрин эч ким ойлогон эмес. Азыркы убакта Европадагы туристтер үчүн жасалган азем белектер Кытайдан келип жатканы да таңгалдырат.

Эң кызыктуусу Кытай эли башка бирөөнүн өндүрүштөрүнө иштеп жүрүшүп, башка фирмалардын атына окшош кылып жасанга да жетишкен. Учурда көптөгөн атактуу фирмалардын калемсаптан баштап чоң буюмга чейин жасаганы баарына маалым. ХХ кылымдан тарта кытайлар көп нерсени үйрөнүп алган соң жумушчуларды, дизайнер, жана инженерлерди көбөйтүп алууга жетишкен.

Көп убакыт Кытай мамлекети Европа жана АКШ мамлекеттеринин унааларын жасап жүрдү. Бирок аталган мамлекеттердикиндей сапаттуу жасай алган эмес. Учурда бул көйгөй Кытайда чечилип, азыр көптөгөн жарандар Кытай авто ууналарын башка авто унааларга алмаштырайын деген ою да жок.

Бүгүнкү күндө кытайлардын көп товарлары арзан болгодуктан, адамдар кытайлардын интернет-дүкөндөрүнөн көп нерсени сатып алышууда, башка брендүү фирмалардыкына караганда. Ошол эле кымбат уюлдук телефондорду, аталган мамлекеттин дүкөнүнөн арзаныраак алсан болот.

Анткени кытай товарлары башка өлкөлөрдүн товарларына караганда бир топ эле арзанга түшөт. Мисалы, эң күчтүү лидер болуп жаткан фирмалардын уюлдук телефондорунан кем калбай өздөрүнүн дагы экраны чоң смартфон аттуу уюлдук телефондорун чыгарууда. Ал эми кытайлар чет өлкөлүк же ата мекендик өндүрүш деп тандабайт. Анткени алар өздөрү дүйнө жүзүнө көп нерселерди жасап жүрүшөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...