Акыркы макалалар

Өзбекстанда ырчылардын ачык кийинүүсүнө тыюу салынды

Өзбекстанда ырчылардын ачык кийинүүсүнө тыюу салынды

Өзбекстанда ырчылардын ачык кийинүүсүнө тыюу салынат. Мындай сунушту Республикалык аялдар комитети жана “Узбекнаво” эстрадалык бирикмеси демилгеледи. Бул тууралуу Озодлик радиосу жазган.

Учурда бул маселе боюнча атайын документтер даярдалып, облустардагы маданият борборлорго жиберишкен. Тактап айтканда мындан ары Өзбекстандагы ырчы кыздар желкеси, буту өтө ачык болуп кийинсе, сахнага эл алдына чыгуусуна уруксат берилбейт. Азыркы тапта ырчы айымдарга бул чектөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Демилгечилердин айтымында, жарым жылаңач кийинген өзбек элинин менталитетине туура келбейт.

Мындай чечим Лола Юлдашеванын концертинен соң кабыл алынган. Анткени ырчы Лола жеке концертинде желкеси жана буттары ачык көйнөк кийип чыккан. Андан соң аны “Узбекнавого чакырып, эскертүү беришкен. Эми башка артисттердин концерттери да катуу көзөмөлдөнүп, алардын формалары да толук текшерүүдөн өтөт. Ошондой эле ырчылардын сахнадагы жүрүм-туруму да көзөмөлгө алынат.

Ал эми дизайнер Зульфия Султан, бул чечим чыгармачыл инсандар үчүн чоң чектөө деп эсептейт. Себеби чыгармачылыктагы адамдар эркин ой жүгүртүүнү каалайт. “Албетте сахнадагы шоу-бизнес өкүлү менен катардагы китепканачынын айырмасы асман менен жердей.”-деп кошумчалаган 31-жаштагы дизайнер.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...