Акыркы макалалар

27 араб мамлекетинин ону Йемендик шииттерге каршы 100 аскер учагы жана 150 миң аскер менен катышууда

Дубайда жайгашкан Аль-Арабия телеканалы Сауд Аравия Йемендеги шиит Хусилерге каршы аскердик операцияда 100 аскер учагы менен 150 миң аскерин жумшаганын билдирди

Аль-арабиянын билдиргенине караганда Сауд аравиясы менен биргеликте Марокко, Кувейт, Бирлешкен Араб Эмираттары, Катар жана Бахрейн колдогон операцияда Египет, Пакистан, Иордания жана Судан аскерлери менен катышууга даяр экенин билдиришкен.

Бул операция кечээ 25-мартта Аден шаары алынып, бир топ мартабалуу сунний лидерлер Хусилер тарабынан барымтага алынгандан соң баштаган. Бул аскердик операцияга АКШ дагы кечээ түнү логистикалык жана чалгындык жардам көргөзөрүн билдирген. Араб мамлекеттеринин биримдигине Палестина менен биргеликте 27 өлкө кирет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...