Акыркы макалалар

Financial Times: Түркияда Эрдоган менен Давутоглу тандеми ыдыроодо

Англис Financial Times газетасы, Түркиянын жумур башканы Режеп Тайип Эрдоган менен премьер-министри Ахмед Давутоглу ортосундагы ЖМКларда айтылып келген чыңалуу, экөнүн тең чыккан Адилет жана өнүгүү партиясынын (АКП) ичинде араздашууга алып келүүдө, деп жазды.

BBC Türkçe телеканалынын билдирүүсүнө караганда Financial Timesтын кабарчысы Даниэль Домбей жазган кабарда түрк журналисти Ахмет Хакан “Эрдоган “контролдогум келет” дегенине, Давутоглу “мен премьер-министрмин жана күчүмдү колдонгум келет” деп жооп берүүдө” деген оюн айткан.

Кабарда Эрдоган менен Давутоглунун тамырлары толугу менен түрдүү чөйрөдө өскөнүн белгилеген Дамбей кабарында АКПнын белгилүү тарапкеринин: “Давутоглу премьер-министр болгондо негизги иши өлкөнү жаңы конституцияга жана системага алып баруу болгонун билген. Эрдоган ага ошондой тапшырма берген”, - деген оюн жазган.

Атын атагысы келбеген АКП тарапкери, Давутоглу менен Эрдогандын ортосундагы ишеним жиби ыдыраганын жана ошондон улам, бул жылдын 7-июнунда Түркияда болуп өтчү парламенттик шайлоодогу АКПнын партиялык тизмесине, Давутоглунун кийлигишүүсү чектелет деген.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...