Акыркы макалалар

"Ата-Бейитке" 900 дарак отургузулду

"Ата-Бейитке" 900 дарак отургузулду

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде кеткен жолго 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун урматына тогуз жүз Тянь-Шань карагайлары менен кайыңдар отургузулду.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде кеткен жолго 900 дарак отургузулду деп билдирди КСДПнын маалымат кызматы.

Дарактарды аталган фракциянын депутаттары, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери отургузду. Аллеяга тигилген дарактардын 450ү Тянь-Шань карагайлары, калганы кайыңдар.

Маалымат кызматынан дарактар апрель ыңкылабынын беш жылдыгына карата отургузулгандыгын билдиришти. Окуя учурунда 77 киши курман болуп, алардын бир тобу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...