Акыркы макалалар

“Халал” комитети касапчыларга окуу өтөт

22-24-февраль күндөрү “Халал” стандартташтыруу жана тастыктоо комитети Ат-Башы, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын касапчылары, имамдары жана кафе ээлерине үч күндүк семинар окуу өткөрөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окууну аталган комитеттин башчысы Мыктыбек Арстанбек өткөрөт. Окуу 22-февралда башталып, алгач окуудан касапчылар менен имамдар өтүшөт. 23-февралда Нарын районунун тамак аш-өнөр жайын иштеткен ишкерлер, сатуучулар окутулса, 24-февралда Ат-Башы районунан келишкен дүкөн, кафе ээлери, касапчылар менен имамдар окушат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...