Акыркы макалалар

Кыргызстанда жасалма 10 сомдукка окшош тыйын жүгүртүлүүдө

Кыргызстанда жасалма 10 сомдукка окшош тыйын жүгүртүлүүдө

Бишкек, 24-март /Кабар/. “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти жасалма деп шектелген 10 сомдук монетаны изилдеп, журналисттик илктөө жүргүзгөн. Ал жасалма акчаны маршрутканын бир айдоочусунан байкаган. Аны чыныгы 10 сомдук монетага сатып алган. Айдоочунун айтуусунда, жасалма деп шектелген металл монеталар магнитке жабышпайт. Себеби, чыныгы монетадай латун аралашкан металлдан эмес, алюминийден жасалган болуш керек. Мындан тышкары салмагы бир аз жеңил болуп, өңү да өчүп калган. Мындай монеталар айдоочуга күн сайын 4-5 ирет түшөт. Ошондуктан коомдук транспорттордун айдоочулары жүргүнчүлөр төлөгөн металл монеталарды текшерүү үчүн магнит коюп алышат.

“Шектүү акчанын аныктыгын айырмалоо үчүн аларды бири-бири менен салыштырып көрүү гана жетиштүү. Андагы сүрөттөлүштөрдүн так аткарылышын текшерүү керек. Текшерүүнүн дагы бир эң жөнөкөй жолу, бул биздин монеталардын магнитке тартылуу жөндөмдүүлүгү. Жасалма 10 сом номиналындагы монеталардын магнитке тартылуусу эң эле начар”-деп айтышты Улуттук банктан. Алар акчаны кандай айырмалаш керектиги тууралуу төмөндөгүдөй аныктаманы беришкен:

“Монетанын коргоо белгилери боюнча айта кетсек, ар бир монета өзүнүн индивидуалдуу өлчөмү, диаметри, салмагы жана каптал бетинин кесикче түрүндөгү одуракайлуугу менен айырмаланып турат. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жакшыртылган коргоо элементи менен 10 сом номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылган. Тагыраак айтканда монетанын каптал бетинде жазуулар жайгаштырылган, булар жазуу түрүндө «ОН СОМ» жана сандык номиналы «10 СОМ»:

Бирок, айта кетчү нерсе, 2014-жылга чейин чыгарылган 10 сом номиналындагы монеталарында каптал бетиндеги жазуулар жок, бул коргоо белгисинин ордуна одуракай кесикчелер бар.

Эгерде сиздин колуңузга шектүү акча туш болуп калса, аны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүүгө тийишсиз. Же болбосо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырсаңыз, анда эксперттер бул акчалардын аныктыгын текшерип чыгышат. Шектүү жана эскилиги жеткен акчаны кабыл алуу күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин 9.00 дөн 12.00 ге чейин.

Буга чейин бул маселе боюнча жарандар Улуттук банкка кайрылган эмес. Болгону 2014-жылдын октябрь айында “ВБ” гезитинин катчысы кайрылып маалымат алган.

Шектенүүнү жараткан 10 сомдун аныктыгын айырмалоо үчүн жөн гана анык 10 сом менен салыштырып көрүү гана жетиштүү болот. Салыштырууда төмөнкү белгилерди текшерүү зарыл:

1) Монетанын каптал бетиндеги кесикчелеринин одуракайлуулугун текшерүү;

2) Монетаны алдыңкы жана арткы бетиндеги сүрөттөлүштөрдүн тактыгына көңүл коюп кароо:

- монетанын алдыңкы бетиндеги валютанын атынын “сом” жана сандык номиналынын “10” жазууларынын шрифттерин текшерүү;

- монетанын арткы бетиндеги Кыргыз Республикасынын гербинин аткарылышын текшерүү;

3) “Көөкөрдүн” сүрөттөлүшүн жана андагы үч бурчтукта берилген “Тумардын” сүрөттөлүшүнүн тактыгын жана томпоктугун текшерүү.

Акчаны жасоо үчүн Улуттук банк тарабынан эл аралык ачык тендер жарыяланат, ага эл аралык зээрканалар катышат, тендерди уткан зээркана 10 сом номиналындагы монеталарды жана башка жүгүртүүдөгү монеталарды жасайт.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...