Акыркы макалалар

Кыргызстанда “Себат” окуу жайынын жабылышына себеп барбы?

Бишкек, 25-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстанда “Себат” билим берүү мекемесинин кыргыз-түрк лицейлери сапаттуу билим берген окуу жай катары белгилүү. Ага карабастан буга чейин бул мекемени жабыш керек деген сөздөр тар чөйрөдө айтылып келген. Бирок, 20-февралда Токмок шаарындагы кыргыз-түрк лицейинде окуган 13 окуучунун ууланышынан кийин, коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жаткан маалда, ЖМКлар депутат Жылдыз Жолдошева Кыргызстан боюнча "Себаттын" мектептерин жабууну сунушун айтып чыкты. Маселе боюнча Жылдыз Жолдошевага кайрылганыбызда, Жолдошева “Себат” билим берүү мекемеси боюнча маалымат топтоп жатканын жана ал боюнча жакын арада пресс-конференция өткөрөрүн билдирди.

Токмок лицейинин директору Шевкет Тутардын айтымында 20-февралда Токмок лицейинде ууланган 13 окуучуну Токмок шаардык аймактык ооруканага жеткизишкен. Лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде окуучулардын ууланышынын себеби, быштактан болгондугу аныкталган”,- дейт Ш.Тутар

Токмок лицейинде окуган 4-класстын окуучусу Жумабеков Абдумаликтин чоң апасы Чолпонкулова Кайырбүбү буларды билдирди: “Түрк лицейинде балдарыбыздын окушун каалап, балдарыбызды өзүбүз ал жакка бергенбиз. Себеби аталган, билим берүү мекемеси жаштарга сапаттуу билим гана бербестен, мыкты таалим-тарбия беришүүдө. Ошондуктан биздин аталган мекемеге рахматтан башка нааразычылыгыбыз жок”,-дейт ал. Ошондой эле аталган мектепте өз баласын окуткан Долон уулу Талгарбек: “Эл өкүлдөрү “Себат” билим берүү мекемесин жабууну айтпастан, аталган мекемени барып көрүп келишсе болмок”,- дейт.

“Себат” билим берүү мекемесинде окуган балдарга дин сабагын окутат же Түркияга белгилүү болгон “Нурлар” агымынын идеаларын таркат экен”,-деген сөздөр айтылып келет. Бул маселе тууралуу “Себаттын” директору Нурлан Кудайбердиев “Кабар” агенттигине өз пикирин мындайча билдирди: “Бул тема боюнча 20-жылдан бери талаш-тартыш болуп келе жатат. “Себат” билим берүү мекемеси КРнын Билим берүү министрлиги менен макулдашылган сабактарды гана окутат. Андан сырткары тарбиялык иштерибизде адамзатка таандык жалпы баалуулуктарды даңазалайбыз.

“Себат” билим берүү мекемесинин билим берүү стандарты Кыргызстандын билим берүү стандарттарына туура келет. Албетте, Токмоктогу уулануу боюнча маселе бар. Бул ишти тиешелүү органдар кимдин күнөөсү бар экенин териштирип жатат. Бирок, бул уулануудан кийин аталган мекемени жабыш керек деген туура эмес. Анткени, ал жакта иштеп жаткан программа, методика өзүн-өзү бир топ жылдан бери актап, биздин элге жагып келген, ал жакка ата-энелер балдарын окутууну калашат. Бул окуядан кийин радикалдык деңгээлге барбашыбыз керек. Эгерде бул мекемеде такыр туура эмес иштер болуп жатса, аны карап, көзөмөлдөш керек. Ал эми “Себат” билим берүү мекемеси дин сабагын берет деген бул чындыкка дал келбейт. Мисалы, менин балам ал жакта окуган. Эч кандай дин сабагы өтүлбөйт”,-дейт. Кыргызстандын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева:

Кыргызстанда “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси 1993-жылдын тарта иштеп келет. Кыргызстанда бул мекемеге таандык жалпы 21 окуу жай бар. Учурда “Себат” билим берүү мекемесинде 9160 окуучу окуп жатса, эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университетинде 2071 студент билим алат. Окуу контрактын негизинде окутулат.

Бишкек шаарында окуу акысы 2800 доллар болсо, Нарын жана Кадамжайда 1000 долларды түзөт. Мыкты окуучуларга, көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер берилет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...