Акыркы макалалар

Ордо - Манас атабыз ойногон оюн

Ордо - Манас атабыз ойногон оюн

15-16-февраль күндөрү Нарын шаарында мектеп окуучулары арасында улуттук Ордо оюну боюнча шаар мэринин өтмө кубогуна арналган ачык биринчилик болуп өттү.

Оюнга Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаарынан келген 11 тайпа катышып, өтмө кубокту Нарын районунун Жалгыз-Терек орто мектебинин көзгө атарлары жеңип алышты. Баш байгени багындырган тайпанын ар бир мүчөсүнө биринчи даражадагы диплом жана 500 сом өлчөмүндөгү баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган Нарын шаарындагы № 7-М.Сыдыков атындагы орто мектептин окуучулары ар бири 400 сом, үчүнчү орунду ээлеген №1- Токтогул атындагы орто мектебинин окуучулары 300 сом, төртүнчү орунга татыктуу болгон Кочкор районундагы Семиз-Бел орто мектебинин окуучулары 200 сом өлчөмүндөгү сыйлыктар жана даражасына жараша дипломдор менен сыйланышты. Мындан сырткары жаш ордочулар арасынан “мыкты оюнчу”, “мыкты уюштуруучу” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Нарын облустук “Ордо” федерациясынын жетекчиси Жолдубай Сүйүнбаевдин айтымында, “Ордо” оюну Манас атабыз ойногон, мамлекеттин бекемдигин сактоодогу стратегиялык мааниси бийик улуттук оюн. Дүйнө жүзүндөгү бир да өлкөдө мындай оюн болгон эмес. Ошондуктан кыргыз элинин улуттук баалуулугу катары “Ордо” оюнун өнүктүрүү, жаштар арасында жайылтуу, ал аркылуу жаш муунду патриоттуулукка, ынтымакка тарбиялоо максатында ушундай иш чаралар уюштурулуп келет.

- Буюрса жылдан жылга максатыбызга жетип келатабыз. Өткөн жылы “Ордо” оюну боюнча өткөрүлгөн биринчиликке 4 тайпа катышса, бул жолу 11 тайпа катышканы аракетибиз текке кетпей, жаштардын кызыгуусун арттыра баштаганын далилдейт. Учурдан пайдаланып оюнга демөөрчүлүк кылган Нарын шаардык мэриясына жана облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Өмүркан Шырдакбаевге терең ыраазылык билдирем,-дейт Жолдубай Сүйүнбаев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...