Акыркы макалалар

«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» КРдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – тарыхый-маданий мурастардын объекттерин сактоо жана пайдалануу.

Аталган максаттарда «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясында эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана чарба иштерин жүргүзүү такталат.

Мыйзамдын 33-статьясында археологиянын эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде атайын техникалык каражаттар (металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана башка) атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...