Акыркы макалалар

Японияда цунамиден сактанууга тосмолорду куруу сунушталды

Японияда цунамиден сактанууга тосмолорду куруу сунушталды

Японияда цунаминин алдын алуу үчүн деңиз жээгине толкунга каршы тосмо куруу сунушталды. Анын узундугу 400 км болуп, баасы 6,8 млрд долларды чапчыйт. Бул долбоор стихиялык кырсыктын күчүн гана азайтары айтылууда.

Ал эми адистер аталган тосмо деңиз экологиясына зыян келтирээрин билдирди. Ошондой эле жаратылыштын табигый сулуулугун бузуп, балыкчылар үчүн да ыңгайсыздык жаратары айтылат. Бирок проектти сунуштап жаткандар, толкунга каршы тосмолорду куруу менен жаңы иш орундары пайда болоорун кошумчалайт. Ал эми дагы бир башка долбоор деңиз жээгине бийик бактарды тигип, токой кылса, ал цунаминин ылдамдыгын азайтуусу мүмкүн.

Белгилей кетсек, мындан төрт жыл мурда 9 баллдык жер титирөөдөн деңиз толкунданып, чоң кырсыкка себеп болгон. Фукусима каргашасы 20 миңге жакын адамдын өмүрүн алган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...