Акыркы макалалар

Кыргыз-орус бизнес форуму өтөт

Бүгүн, 25-мартта КРнын соода-өнөр жай палатасынын жыйындар залында кыргыз-орус бизнес форуму болот. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын Пермь облусу менен Алтай крайынын соода-өнөр жай палаталары тарабынан өткөрүлүүдө. Анда негизги максат – эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо болуп саналат.

Россиялык делегациянын курамында Бишкекке 15 компаниялардын жетекчилеринен турган делегация келмекчи. Алар химия металлургиясы, өнөр жай, курулуш, айыл чарбасы үчүн жабдыктар жана техникаларды чыгаруучу өндүрүш, мунай, газ жана атомдук өнөр жай сыяктуу ишканалар. Бизнес-форумга кыргыз тараптан 70тен ашык компаниялар менен ишканалардын жетекчилери катышмакчы.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...