Акыркы макалалар

Уурдалган тасмалар, убайым жеген режиссерлор

«Пираттар»десе демейде деңизде кемелерди талап-тоногон каракчылар көз алдыбызга элестелет. Бирок, акыркы күндөрү алардын кинолорду дагы уурдай тургандыгы ачык ачылып отурат. Буга учурдагы кыргыз тасмалары тартылып бүтүп, чоң экранга чыгып-чыкпай мыйзамсыз көчүрүлүп, коомчулукка жайылып кетүүсү негиз болууда. Бул көрүнүшкө өзгөчө киночулар тынчсызданып жаткан чагы.

Кино, кино, кыйноо тартып тасманын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп күнү-түнү кирпик какпай түйшүктөнүп жатып жараткан эмгегинин үзүрүн көрбөй, көз ачып жумгуча «пираттарга» уурдатып жиберген режиссерлор, алдындагы даяр ашын бөлөк бирөөгө тарттырып жиберген адамдын элесин калтырат. Андан тышкары бир тасманын тартылышы үчүн ага эбегейсиз чоң суммадагы акча коротуулары да баарыбызга маалым болсо керек. Акыркы мезгилде ушундай окуялардын көп катталуусун эксперттер компьютердик технологиянын өнүгүүсү менен байланыштырып келишет. Буга окшогон маселелердин эң акыркылары болуп жалпы маданиятыбызда асырэсе кино тармагында жаңылык болгон «Курманжан Датка» көркөм-тарыхый тасмасынын каракталганы болду.

Уурдалган «Курманжан Датканын» тагдыры.

“Курманжан Датка” көркөм-тарыхый тасмасы 1,4 миллион долларга тартылган. Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө бет ачары өткөрүлүп, бир катар фестивалдарга катышып келген. Тасма Америкалык кино академиянын “Оскар” сыйлыгына “чет өлкөлүк мыкты тасма” номинациясына көрсөтүлгөн эле. The Hollywood reporter журналы жарыялаган рейтингде мыкты делген 15 тасманын катарына кирип. Бирок, кийин “Оскарга” сунушталган тасмалардын кыска тизмесине илинбей калган. Тилекке каршы январь айында «каракчылар» тарабынан уурдалып, интернетке тарап кеткен. Бул окуя боюнча тасманын режиссеру Садык Шер Нияз өзүнүн интернеттеги баракчасына, “бул кыргыз кинематографиясы үчүн өтө жагымсыз, орунсуз жана кейиштүү окуя. Мамлекет үчүн дагы. Анткени, бул ачыктан ачык уурулук деп эсептейм. Биз бул фильмди чет элде рекламалоо үчүн аябагандай зор каражат жумшадык. Анткени дүйнөлүк чоң дистрибуциялык компаниялар менен ондогон сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Мына эми биринчи жолу Кыргызстандын фильмин татыктуу сатууга болот деп ишенип калганбыз. «Айтыш» фильм бул үчүн 10 миллион сомдон ашык каражат жумшап, фильмибизди эл таанып, чет элдик сатуулардан мамлекетибизге бери жагы 20 миллион сом түшөт деп үмүттөнүп олтурганда, «каракчылар» бизди ушинтип кашайтып олтурушат”, – деп жазган.

Акыркы мезгилде Бишкек шаарында диск сатуучу дүкөндөр же болбосо колдоруна жөн гана дисктерин кармап алып өз алдынча соодасын кылып жаткан адамдарды көп эле кездештиребиз. Сатуучулар кинолорду кайдан алат, «пираттык» тасмаларды сатып кармалган учуруңуз болду беле? Деген суроолорубузга Ош базарында диск сатып иштеген Чынара Султаналиева төмөнкүчө жооп берди. «Биз дисктердин көпчүлүгүн Дордой базарынан алабыз, кыргыз кинолору дагы ошол жактан келет. Ал эми уурдалган тасмалардан мындан көп убакыт мурун «Участковый» киносун сатып жатканда милициялар кармап эскертүү берген, бирок ал кинону деле мен уурдалганын билбей саткан болчумун. Андан бери мындай окуялар боло элек, негизи«пираттык» дисктерге каршымын, адамдын эмгегин жебеш керек да» деген оюн билдирди соодагер эже.

Мекенибизде далай ирет нечендеген тасмалар уурдалганы менен, «каракчыларга» каршы конкреттүү чаралар колдонулбай келет. Биздин маалыматыбыз боюнча ушу кезге чейин бир дагы тасма уурдаган адамга иш козголуп, же болбосо кандайдыр бир айып пул салынып, мыйзам чегинде жоопко тартылган бир дагы көрүнүш жок. Бирөөнүн ак эмгегин жеп ошону менен жанын баккан «пираттар» азыр да ээн эркин биздин арабызда жүрүп, жаңы чыгуучу тасмаларды уурдоого даярдык көрүп жүргөндөй сезим калтырат. Ал эми чет өлкөлөрдө болсо бирөөнүн эмгегине кол салгандыгы үчүн катуу жаза колдонулат. Мыйзамсыз тасманы уурдаган «пираттардын» алды темир тор артына олтурса, кээ бирлери оңбогондой айып пулга жыгылат.

«Пираттар менен күрөшүү азырынча эрте»

Режиссер катары Сүйүн Откеев буларды айтты: «Тасма уурдагандар менин да эмгектериме кол салышкан, тактап айтканда «Миллиондук мелдеш»кином былты руурдалган. Бирок укуктук жактан мыйзам чегинде көрүнүктүү эч нерсе кылынган эмес. Бизде мыйзам жакшы иштебейт, автордук укукту коргоо кыйын. Ошого жараша пираттар менен күрөшүү да азырынча эрте», дейт Сүйүн мырза.

Мамлекетти таанытуунун бирден–бир жолу анын маданияты. Ал эми ошонун ичинде кино тармагы эбегейсиз чоң рольду ээлейт. Кандай гана тартылган кино болбосун адамдын аң сезимине таасирин тийгизээри шексиз. Ошол тартылган тасмаларды коргоп аны каракчылардан сактап калуу жеке эле киночулардын же режиссерлордун эле эмес мамлекеттин, өкмөттүн да милдети болууга тийиш деп эсептешет адистер.

Бакыт Төрөгелди уулу

Түп нускага шилтеме : koktom.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...