Акыркы макалалар

«Он-Арча» базары ишке кирди

«Он-Арча» базары ишке кирди

12-февралда Нарын шаарында заманбап үлгүдө курулуп бүткөн «Он-Арча» базары кардарлар үчүн эшигин ачты.

Эки кабаттан турган, 140 орундуу бул соода жайы мындан эки жыл мурун өрттөнүп кеткен базардын ордуна салынып, элди азык-түлүктөн кийим-кечеге чейинки тиричилик товарлары менен камсыз кыла баштады. Жылуу, жарык, заманбап талаптарга жооп берген бул соода жайында сатуучу үчүн да, аларман үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Биринчи кабаты үч чоң катардан туруп, биринчи катарына концеляриялык товарлар, кир кетирүүчү каражаттар, оюнчуктар, экинчи катарына чарбалык буюмдар, үчүнчү катарына азык-түлүк, жер-жемиш сатуучу контейнерлер коюлуп, дарыкана да орун алган. Ал эми экинчи кабатындагы эки чоң катар кийим-кече жана буюм-тайымдарды сатууга ылайыкталган. Бурчтарда майда-чүйдө тиричилик буюмдарын сатууга орун берилген. Базардын артындагы административдик имараттын биринчи кабатында намазкана, ажаткана, даараткана жана радио түйүн орун алып, мында иштегендерге болгон ыңгайлуу шарттар каралган.

«Мукаш Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, жеке ишкер Кылычбек Эсеналиевдин айтымында, курулуш иштерине бир жылга жакын убакыт кетип, 25 миллион сом каражат жумшалган.

Базарыбыз өрттөнүп кеткенден кийин аны кайрадан калыбына келтирүү үчүн жеңил конструкция менен долбоор чийилген. Бирок ал долбоорго «Нарындын шартында муздак болуп калат, талапка жооп бербейт» деп тиешелүү органдар уруксат беришкен жок. Андан кийин Нарын шаардык архитектурасынын макулдугу менен Бишкектен азыркы имараттын долбоору чийилип келди. Бизге да бул долбоор жакты. Алгачкы сметалык баасы 15 миллион сом болгон. Мурда-кийин чоң курулуш салуу башыбыздан өтпөгөн соң билбептирбиз, көрүнбөгөн чыгымы көп болот экен. Баш-аягы 25 миллион сомго бүттү. Базар өрттөнүп кетсе сала калалы деген даяр каражатыбыз жок болчу. Ага-туугандардан карыз алып, алардын, өзүбүздүн там-тарагыбызды күрөөгө коюп кредит алып, ишти баштаганбыз. Курулуш Россиянын өндүрүшүнөн чыккан сертификаты бар, бардык талапка жооп бере турган сапаттуу материалдардан салынды,-дейт базардын ээси К.Эсеналиев.

Соода жайындагы 140 орун Нарын шаарынын жарандарына менчикке берилип, ар бир контейнердин баасы көлөмүнө жана кабатына жараша 130 миңден 250 миң сомго чейин сатылган. Кылычбек Эсеналиев билдиргендей, орундардын акысынын 50 пайызы алдын ала алынып, калганы бир жылдык мөөнөт менен узак мөөнөттө төлөөгө берилген. Ал эми орундар үчүн салык сатуучуларга жеңилдик катары эки айга чейин же соода жүрүп кеткиче алынбайт.

- Ишти карыздап баштагандыктан аларды жабыш үчүн соода орундарын саттык. Ошол орундарды сатып алган адамдардын каржылоосу менен курулуш ишин аяктадык. Ал эми базар өрттөнгөнгө чейин бул жерде жер-жемиш саткан эжелердин бекер орун берилсин деген талабын аткарууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Кырсык болуп, базарыбыз өрттөнүп кеткенде биз да жабыркадык. 15 миллион сомго бааланган имаратыбыз толугу менен күйүп кетти. Губернаторубузга, шаар бийлигине рахмат, элди ошол оор кырдаалдан чыгарууга чоң жардамдарын берип, марафон өткөрүп эл-журттан акча чогултуп, карапайым элге чогулган акчаны бөлүп беришти. Биз да жабыркаганыбыз менен марафондон чогулган акчадан бир тыйын алган жокпуз. Өзүбүз аракет кылып, карыздап атып эптеп куруп бүттүк. Карыздарды убагында төлөй албай азыркыга чейин уят болуп, кээ бирөөнө айып төлөп аткан учурларыбыз да бар. Бирок эл-журтка ыраазыбыз. Моралдык жактан колдоп, жылуу сөздөрүн айтып, колунан келсе усталарыбызга тамак-аш алып келип берип атышты. Эми нааразы болуп аткан эжелерибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Маңдайыбызга Аттокуров Бакыт байке үч кабаттан турган базар салып атат. Биринчи кабатына жер-жемиштер сатылып, баасы да биздикинен арзан болот экен. Бизден орун сураган эжелерди ошол жакка кириңиздер деп атабыз. Айрымдары макул болушту. Кырсыкка айла жок болгондуктан бизди да туура түшүнүшөт деп ойлойм,-деп билдирди Кылычбек Эсеналиев.

Базардын ээсинин айтымында, эми административдик имараттын алдына эт саткан жай салынат. Учурда курулуш долбоору каралууда. Буюрса жайга чейин муздаткычы, эт чапкан жери, бардык ыңгайлуу шарттары бар эт сатыла турган жай ишке кирмекчи.

Базардын ишке киргенине кардарлар да, сатуучулар да ыраазы. 13 жылдан бери соода менен алектенген 50-контейнердин ээси Жылдыз Абдыкадырова базардын ачылганына эки күн эле болсо да кардарлар көп келип, «музейге койгондой болуп тура бербейбизби» деген оюн четке какканын да жашырган жок. –Кудайга шүгүр, соода жакшы башталды. Кылычка ыраазылык билдиребиз. Соодагерлер үчүн колдон келишинче жакшы шарт түзүп берди. Эң негизгиси ичи жылуу, отурган жерибиз жыгач менен полдонуп, ал тургай ар бир катарга экиден видео байкоолор да коюлду,-деп билдирди ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...