Акыркы макалалар

Бишкекте көчөдө бараткан жигитке кишен салып уурдап кетишти

Бишкектик эки жигит адам уурдагандыгы үчүн айыпталып кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты

Кечээ милицияга 27 жаштагы калаа тургуну кайрылган. Ал үч белгисиз адам ага көчөдө кетип бараткан жеринен кол салышып, колуна кишен тагып өздөрүнүн унаасына күч менен салып кетишкенин айтып арыз берген.

Каракчылар аны ээн жерге алып барып, 500 долларын жана 2 миң сомун тартып алышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү делген эки жигит- 27 жана 28 жаштагы жарандар кармалды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...